Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1292

Алмурут

Алмуруттун пайдасы

Берекелүү күз келип, түркүн-түстүү жашылча жемиштер көз жоосүн алып дасторкондон орун алүүда. Бул мезгилде мөмө-жемиштерди көбүрөөк колдонуу адамдын саламаттыгы үчүн өтө пайдалуу. Биз сиздерге алмуруттун пайдасы тууралуу айтып беребиз.
Бир эле алмурут клетчатканын 20%дык нормасын камтыйт. Бул тамак-аш булалары биздин тамак сиңирүү системабыз үчүн зарыл — алар пайдалуу бактерияларга азык катары кызмат кылат. Кесек клетчатка бошонууну жеңилдетип, ичегинин перистальтикасына (ичегинин ийри-буйру болуп кыскарышы) түрткү берет. Клетчатка май кислоталарын байланыштырууга жөндөмдүү, ошону менен бирге анда пайда болгон холестериндин деңгээлин азайтат. Өтө быша элек алмурутта баарынан дагы тамак-аш булалары көп.
Алмуруттун таттуулугу алмадан кем эмес, анда дагы кант көп. Бирок анын зыяны аз, анткени алмурутта сорбит көп. Бул таттуу зат — диабетиктер үчүн коопсуз болгон шекердин ордун алмаштыруучу зат. Анткени кадимки кантты бул ооруда колдонууга болбойт.
Бул жемиште антибактериялык касиеттерге ээ болгон зат арбутин көп. Калийди көп камтыгандыктан алмуруттун заара айдоочу таасири менен биргеликте, арбутин заара жолдорунун инфекциялары менен күрөшүүгө жардам берет.
Алмуруттун жумшагы клетчатканын жардамы менен ичти жумшартат жана ашыкча жегенде ичти өткөрүшү мүмкүн. Ал эми анын кабыгы жана алмуруттан даяр-далган кайнатма ичти катыруучу касиети бар көптөгөн куруштуруучу заттарды камтыйт.

Алмуруттун зыяны

«Алмурут шекерди көп камтыйт, аны кант диабетинде жана жара оорусунда колдонууга болбойт. Бул жемиш аллерген болуп саналат, балдарга аны кылдаттык менен берүү керек. Алмурутту орточо пайдалануу керек, болбосо ич өткөккө алып келиши ыктымал.

Алмурут — мезгилдүү жемиш, ошондуктан аны дал ушул убакта жеген жакшы.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.