Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1285

Ден соолук плюс

КООМДУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЖУРНАЛ / 3 айда бир жолу чыгат
№6 / ОКТЯБРЬ / 2021-ЖЫЛ ISSN 1694-8262

Журналдын ээси

Саламаттык сактоо жана
социалдык өнүктүрүү
министрлигине караштуу
Республикалык ден соолукту
чындоо жана массалык
коммуникация борбору

Журналдын негиздөөчүсү

Нурила Алтымышева

Башкы редактор

Аймира Мендеева

Жооптуу редактор

Айша Курбанова

Кабарчы

Алия Назымова

Фотограф

АНДРЕЙ НОВОСЁЛОВ

редакциялык кеңеш

Солтонбекова А.К.
Бектурганов У.Б.
Курманов Р.А.
Джумалиева Г.А.
Сарыбаев А.Ш.
Рахматуллаев Ж.М.
Жороев А.А.

дареги

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары,
Логвиненко көчөсү 8

байланыш телефону

► 0312 30 09 85
► 0708 46 02 09 whatsapp

Журнал КРнын Юстиция министрлигинде катталган.
Каттоо күбөлүгү №10232
Редакцияга келген каттар кайтарылбайт жана рецензияланбайт.
Жарнамалардын мазмунуна жарнама берүүчүлөр жооптуу.


ЖҮРӨГҮҢҮЗДҮ САКТАҢЫЗ!

Жыл сайын 29-сентябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет.
Жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча адам өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Өлүмдүн негизги себеби — миокард инфаркты жана мээнин инсульту болуп эсептелет. Тилекке каршы, акыркы жылдары миокард инфаркты жана инсульт жашарып, 30 жаштагы, айрым учурда 20 жаштагылардын дагы өмүрүн алып жатканы белгилүү.
Жүрөк-кан тамыр ооруларын тобокелчилик факторлорун жоюу менен алдын алууга болот.

ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫНЫН НЕГИЗГИ ТОБОКЕЛЧИЛИК ФАКТОРЛОРУ КАЙСЫЛАР?

♦ туура эмес тамактануу;
♦ гиподинамия;
♦ чылым чегүү;
♦ спирт ичимдиктери;
♦ стресс.

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу үчүн кан басымын билүү жана аны көзөмөлдөө маанилүү болуп саналат.

АНДАН СЫРТКАРЫ:

♦ Кандагы канттын өлчөмүн жана
холестеринди көзөмөлдөө;
♦ Майлуу, куурулган тамактарды,ышталган этти, шекерди жанататтууларды колдонууну азайтып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуу;
♦ Тузду бир күндө 5 г чейин чектөө керек;
♦ Физикалык активдүүлүк менен алектенүү.
♦ Стресске каршы турууну үйрөнүңүз.
♦ Чылым чегүүнү таштоо жана спирт ичимдиктерин азайтуу керек.
♦ Жогоруда айтылгандарды аткаруу жүрөк-кан тамыр ооруларынын
алдын алат.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.