Алдын алуу

1-7-августка чейин Бүткүл дүйнөлүк эмчекти туура эмизүү жумалыгы өтөт

303

Жыл сайын 1-августтан 7-августка чейин Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы белгиленип келет. Бул дүйнө жүзү боюнча эмчек эмген балдардын ден-соолугун чыңдоо максатында эмчек эмизүүнү жайылтууга багытталган.

Бул жумалыкта жер-жерлерде адистер, дарыгерлер тарабынан бала эмизген энелерге, болочоктогу жана кош бойлуу энелерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Дарыгерлердин сунуштамасында наристени 6 айга чейин милдетүү түрдө кошумча тамаксыз эмчек сүтү менен гана азыктандыруу керек деп айтылат.

Жашоонун алгачкы 1000 күнү — баланын бойго бүткөндөн баштап экинчи туулган күнүнө чейин — баланын өнүгүүсүн жана узак мөөнөттүү ден-соолугун чыңдоо    үчүн уникалдуу терезе.

Бул мезгилде эне менен баланын туура тамактануусу баланын өсүшүнө жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип, оорунун пайда болуу коркунучун азайтып, эненин ден-соолугун коргойт.

Балдарды төрөлгөндөн баштап 6 айга чейин эмчек сүтү менен гана тамактандыруу керек, анткени эмчек сүтү 6 айга чейин баланын бардык энергетикалык муктаждыктарын жабат.

6 айдан кийин, эмчек сүтүнөн тышкары, 2 жашка чейин эмчек эмизүүнү улантуу менен кошумча азыктарды киргизүү керек.

Кошумча тамактануу мезгилинде эмчек эмизүүнү улантуу бардык шарттарда маанилүү болгон майларды, белокторду жана башка азыктарды берет.

Эмчек эмизбеген балдарга сүт азыктарын бериңиз.

Балаңыз чоңойгон сайын кошумча тамактанууга болгон муктаждык жогорулайт.

Эскерте кетсек, “КРнын өкмөтүнүн “Калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын 2019-2030ж.ж өнүктүрүү, “Ден соолугу чың адам өнүккөн өлкө” №600 2018-жылдын 20-декабрындагы программасы жөнундө” токтомун ишке ашыруу максатында, ошондой эле Көкүрөк менен азыктандырууну коомдун ар кайсы тармагында алга жылдыруу жана колдоо максатында жана “Көкүрөк менен азыктандыруунун Бүткүл Дүйнөлүк жумалыгынын иш чараларын өлкөдө өткөрүү  жана катышуучулардын потенциалын өстүрүү максатында буйруктун негизинде” бекитилди.  

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.