ЖАҢЫЛЫКТАР

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк АИВ/ЖИКС

195

Областарда 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк АИВ/ЖИКС менен күрөшүү күнүнө карата бир топ иш- чаралар болуп өттү.


Жалал-Абад областында Ден соолукту чыңдоо адистери менен биргеликте Мобилдүү бригада жакынкы райондордо АИВ/ЖИКСти акысыз шилекей аркылуу текшерип “Өзүн өзү текшерүү” акциясы өткөрүлдү. Бул акция бир ай болуп, ДЧК адистери коомдук жайларда болгон жерлерде аралыкты сактоону тартипке салып турушту.


Баткен областында жер-жерлерде мектеп окуучуларына жана мугалимдерге түшүндүрүп, маалымат беришти. Айдаркен, Сүлүктү, Баткен Кулунду, Лейлек, Кызыл-Кыянын шаарларынын ДЧК адистери кызуу иштешти. Сүлүктү шаарынын мэриясы, шаардын спорт комитети ДЧК адистери менен биргеликте Коомдук ден соолук комитетинин мүчөлөрүнүн ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө грамоталар, акчалай сыйлыктар берилди.


Ош областында 1-ноябрдан тарта 1-декабрга чейин АИВ/ЖИКС боюнча маалымат берүү максатында ЭлТР, Ынтымак, Ош шамы, Ош жаңырыгы массалык маалымат каражаттары аркылуу эфирлер уюштурулган. 17-22-ноябрга чейин мобилдүү клиника иштеп акысыз АИВ/ЖИКСке тест тапшыруулар болуп, 173 адам текшерүүдөн өтүп, бир адамдын анализи оң болуп чыкты.


Талас шаарында Ден соолукту чыңдоо комитети, Кызыл ай коому, СПИД борбору менен биргеликте бул күнгө карата флеш-моб уюштурулуп, маалымат баракчалары таркатылган. Ошондой эле областта да акысыз тест тапшыруу болду.


Нарын областында да бул күнгө шаар ичинде 6 мекеме флеш-моб уюштурулду, жакшы катышып берген командага шаардын мэриясы тарабынан белектер берилди. Бул областта да Мобилдүү клиника райондордо акысыз тесттерди алышты. “АИВ/ЖИКС инфекциясынын берилишин алдын алуу» темада семинар болуп 28 айылда 30 айылдык ден соолук комитетинин жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.


Ысык-көл областында 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк АИВ/ЖИКС менен күрөшүү күнүнө карата бир айлыктын алкагында жыйынтыктоочу тегерек стол уюштурулду. Кара-Кол шаарынын мекемелердин кызматкерлерине АИВ/ЖИКСтен алдын алуу боюнча маалыматтар берилип СПИД борборунун адистери тарабынан тест анализ алынды.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.