ЖАҢЫЛЫКТАР

2022-жылдын декабрь айында чоң адамдарды гепатит “В” вирусуна каршы эмдөө кампаниясы башталат

558

14.12.2022 Mare

2022-жылдын декабрь айында чоң адамдарды  гепатит “В” вирусуна каршы эмдөө кампаниясы башталат.

Чоңдор үчүн  гепатит “В” вирусуна каршы эмдөө кампаниясы Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнө СПИД жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жардам берүү боюнча Россия өлкөсүнүн программасынын бир бөлүгү.

“Вирустук гепатиттин оорчулугун эске алуу менен, биздин саламаттык сактоо системабыз бул вируска каршы күрөшүүдө – алдын алуу, скрининг жана дарылоого чоң көңүл бурат. Өлкөнүн бардык аймактарында эмдөө кампаниялары башталып, биз чогуу ар бир чоң адамдын өз ден-соолугу жана балдардын ден-соолугу үчүн биргелешкен жоопкерчилигин калыптандыруу үчүн чоң күч-аракеттерди жумшап жатабыз»-деди министрдин орун басары Бубужан Арыкбаева.

 Вирустук гепатит “В” – боорду жабыркатуучу кеңири таралган жана коркунучтуу жугуштуу оору.

“В” гепатитине каршы эң эффективдүү коргоо бул- эмдөө! Эмдөө графиги боюнча пландуу эмдөөлөрдү жүргүзүүдө биз чоң натыйжаларга жетиштик, бүгүнкү күндө балдар жана өспүрүмдөр арасында оору айрым учурларга чейин кыскарды.

Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын өсүүсү уланууда. Кыргызстанда  “В” гепатитинин таралышы Россия менен Казакстанга караганда бир нече эсе жогору.

Белгилей кетсек, бул өлкөлөрдө балдарды гана эмес, чоң кишилерге да, эмдөө кампаниясын өткөргөндугунө байланыштуу ооруга чалдыккандар кыйла азайган.

Белгилей кетсек, жардам көрсөтүү программасынын алкагында 2022-жылы Кыргызстан «Вакцинатор» автоунаасын жана КАМАЗдын базасында көчмө клиниканы жардам катары алган жана ал Нарын облусунда иштей баштаган. Кыргызстанга дагы эки мобилдүү клиника 20-декабрга чейин келүүсү күтүлүүдө.

Мобилдик клиникалардан тышкары быйыл Россия Кыргызстанга 350 миң дозада  “В” гепатитине каршы вакцина, ВИЧ, сифилис, В жана С гепатиттерин аныктоочу 225 миң экспресс-тест жана 350 миң нускадагы ар кандай маалымат материалдарын тапшырды. Белгилей кетсек, республикалык бюджеттен 2023-жылга “В” вирустук гепатитине каршы вакциналарды сатып алууга да каражат бөлүнгөн.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен чон адамдарды ВГВга каршы вакцина менен эмдөө боюнча максаттуу топтун тизмеси бекитилди.

Эмдөө адамдардын төмөнкү топтору үчүн көрсөтүлгөн

• кан же кан продуктуларын көп талап кылган адамдар, диализ менен ооругандар жана органдарын трансплантациялоочу реципиенттер;

• рак менен ооруган бейтаптар

• Кургак учук менен ооругандар

• гемофилия менен ооруган бейтаптар

• ВИЧ менен жашаган адамдар

• менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери;

• “В” гепатитине каршы эмдөөлөрдүн толук курсун бүтүрө элек жана В гепатити эндемикалык аймактарга баргандар (бул категориядагы адамдарга саякатка чыгаар алдында эмдөө сунушталат).

• эркиндигинен ажыратуу жайларында камалгандар;

• инъекциялык баңги затын колдонуучулар;

• эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер, трансгендерлер

• өнөкөт ВГВ инфекциясы бар адамдар менен үй-бүлөлүк жана жыныстык байланышта болгон адамдар;

• коркунучтуу сексуалдык өнөктөштөрү бар адамдар;

• мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесинин кызматкерлери (карылар үйлөрү, балдар үйлөрү, ымыркайлар үйлөрү, интернаттар ж.б.);

• тейлөө кызматкерлери (чач тарачтар, сулуулук салондору, татуировка, хиджама ж.б.);

• аскер кызматчылары (ички аскерлер, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Улуттук гвардия, Коргоо министрлиги ж.б.);

• улуттук эмдөө графигинин алкагында ВГВга каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар

• бардык университеттердин, колледждердин жана башка эквиваленттүү мекемелердин студенттери.

Компания биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун аймагында декабрь айында өткөрүлөт. 2023-жылдын январынан тарта республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

• Эмдөө Россия Федерациясында чыгарылган «Регевак V» вакцинасы менен жүргүзүлөт.

 • Вакцина жогорку иммуногендик. Вакцинация курсун өткөрүү эмделгендердин 90% дан ашыгында коргоочу титрде спецификалык антителолордун пайда болушуна алып келет.

Вакцина универсалдуу. Аны жаңы төрөлгөн балдарга да, чоңдорго да колдонсо болот. Аны пландуу (вакцинациялоо графигине ылайык) жана шашылыш (инфекцияланган биоматериал менен байланышта болгон учурда) В гепатитинин алдын алуу максатында колдонсо болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.