Вирустук гепатиттер

23-65 жаштагы Кыргызстандын жарандары “В” гепатитине каршы акысыз эмдөөдөн өтүшсө болот

1293

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

КР ССМнын Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргызстанда калкты«В» гепатитине каршы эмдөө жүрүп жаткандыгын маалымдайт.

Эмдөөнү 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар жашаган жери боюнча ҮМБ/ЖДПБдан акысыз ала алышат.

«В» гепатити – бул боорду жабыркатуучу жана цирроз, боордун рагы сыяктуу татаалдашууларга алып келиши мүмкүн болгон кеңири жайылган жана кооптуу жугуштуу оору экендигин эске сала кетмекчибиз.

Эмдөөнүн алдында «В» вирустук гепатитине акысыз экспресс тестирлөө жүргүзүлөт.

«В» гепатитине каршы вакцина 0-1-6 схемасы боюнча үч жолу аралыктар менен жасалат:

•         биринчи дозасы эмделген күнү

•        экинчи дозасы 1 айдан кийин жасалат

•        үчүнчү доза 6 айдан кийин жасалат

«В»  гепатитине каршы эмдөө Сиздин ден соолугуңузду коргойт жана боор ооруларынын татаалдашууларын алдын алууга жардам берет!

Leave a Reply

Your email address will not be published.