ЖАҢЫЛЫКТАР

29-октябрь- Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү

253

Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү уюму (World Stroke Organization, WSO)  тарабынан 2006-жылдын 29-октябрынан тартып, бул ооруга каршы активдүү күрөшүү максатында Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү (World Stroke Day) катары белгиленген.

Инсульт – бул артерия кан тамырларынын бүтөлүп калышынан, мээге кан жетпей калышы, мунун натыйжасында, нерв же кан-тамырлардын капталдары айрылгандыктан кандын агышынан улам клеткаларынын  өлүмүнө же жабыркашына алып келген абал; бул мээдеги кан айлануунун, ошол эле учурда мээнин ткандарынын жана анын функцияларынын тез арада бузулуусу.

Инфаркт жана инсульттун алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл?

ДССУнун (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) берген маалыматы боюнча, 2015-жылы 17,5 миллион адам инфаркттан же инсульттан көз жумган. Жалпылап аялдарга дагы эркектерге дагы бирдей деңгээлде бөлүштүрүп алгандагы пикирлерге карабастан, өлүм учурларынын 4төн 3 ү кирешесинин деңгээли аз жана орто өлкөлөргө туура келген.   

Үмүттөндүрүүчү нерсе, мезгилсиз инфаркт менен инсульттун 80%ынын алдын алууга болот. Алдын алуунун эң негизги эрежелери туура тамактануу, үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк жана тамекиден алыс болуу. Жогорку кан басым, холестериндин жогорку деңгээли жана диабет сыяктуу жүрөк кан-тамыр ооруларынын тобокелчиликтерин текшерип, көзөмөлдөп туруу эң маанилүү.

Туура тамактануу рациону. Көп сандагы мөмө-жемиштерди, бүтүн дан азыктарынан жасалган тамак-аш, майсыз эт, балык жана буурчак өсүмдүктөрүн, туз, шекер жана майды чеги менен колдонууну камтыган тамактануу рациону саламат жүрөк-кан тамыр системасын колдоодо негизги роль ойнойт.

Үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк. Саламат жүрөк – кан тамыр системасынын  саламаттыгын колдоо үчүн күнүнө эң аз дегенде жарым саат физикалык активдүүлүк зарыл; ал эми жуманын көпчүлүк күндөрүндө бир сааттан ашык физикалык активдүүлүктө болуу нормалдуу салмакты алып жүрүүгө көмөктөшөт.

Тамекини чегүүдөн алыс болуу. Тамекинин ар бир түрү: сигарет, сигар, түтүк (трубок) же чайноочу тамеки ж.б. ден соолукка зыян. Пассивдүү тамеки чегүү (түтүндөн жабыркоо) дагы кооптуу. Инфаркт менен инсульттун өнүгүү тобокелчилиги тамекини колдонууну токтоткондон кийин кескин түрдө кыскарат. Ал эми бир жылдан кийин 50% га азайышы мүмкүн.

Сиздеги жүрөк-кан тамыр ооруларынын жалпы өнүгүү коркунучун текшериңиз жана көзөмөлгө алыңыз: Инфаркт жана инсульттун алдын алуудагы эң негизги аспект жогорку коркунучка кабылган (10 жылдан бери жүрөк – кан тамыр оорусунун өнүгүүсү 30%га барабар же андан жогору болгондор), жүрөк – кан тамыр оорусунун өнүгүүсүнүн төмөндөөсү байкалган адамдарды дарылоо жана кеңеш берүү болуп эсептелет. Сиздеги жүрөк – кан тамыр оорусунун тобокелчилигин баалоодо саламаттык сактоо кызматкери жөнөкөй таблицанын колдонуу менен тобокелчилик факторлорун башкарууда сизге керектүү сунуштарды берет.

  • Өзүнүн кан басымын билүү. Жогорку кан басым адатта кандайдыр бир белгилер менен коштолбойт, бирок күтүүсүз инфаркт менен инсульттун негизги себептеринин бири. Кан басымыңызды текшерип, көрсөткүчтөрүңүздү билип туруңуз. Эгерде жогорку кан басым болсо, жашоо образыңызды өзгөртүп, туура тамактанууга, тузду аз колдонууга, физикалык активдүүлүгүңүздү күчөтүүгө өтүңүз. Кан басымды көзөмөлдөө үчүн дары-дармек ичүүңүз зарыл.
  • Кан липиддеринин деңгээлин билүү. Канда холестериндин жогору болуусу инфаркт жана инсульттун тобокелчилигин жогорулатат. Туура тамактануу менен, зарылчылык болсо дары – дармектердин жардамы менен кандагы холестериндин деңгээлин текшерип туруу зарыл.
  • Кандагы канттын деңгээлин билүү. Кандагы глюкозанын жогорулашы (диабет) инфаркт жана инсульт коркунучун жогорулатат. Эгерде сизде диабет болсо, коркунучту азайтуу үчүн кан басымыңызды жана кандагы канттын деңгээлин текшерип туруу өтө зарыл.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.