COVIDге каршы эмдөө

БИЗДИН ЗАМАНДЫН БААТЫРЛАРЫ

345

Атуулдук ариет эс алууга жол бербей, медицина кызматкерлери дем алыш күндөргө карабай, элди COVID-19дан сактоонун аракетинде.


ФОТОРЕПОРТАЖ
Жалал-Абад облусунун Базар Коргон районунда эмгектенген социалдык фонддун кызматкерлери эмдөөдөн өтүп жатышат.

Эмдөөгө сиз келе албасаңыз, эмдөө сизге барат! Нарын облусунун жайлоолорун мобилдик бригадалар кыдырып, элди коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө.

Коронавирус эч кимди аябайт. Аны жакшы билген медицина кызматкерлери Нарын облусундагы карылар үйлөрүн кыдырып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эмдөөдөн өткөрүштү.

Талас облусундагы тартип сакчылары массалык түрдө эмдөөдөн өтүп жатышат.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы укук коргоо органдары эмдөөгө активдүү катышып жатат.

Социалдык фонддун Ноокат райондук башкармалыгынын эмдөөдөн өткөн өкүлдөрү, сыйлуу курактагы жердештерине вакцина жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары дем алыш күндөргө карабай, эмдөөгө активдүү катышып жатышат. Медицина кызматкерлери даректүү кыдырууларга чыгып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мобилдик бригадалар өлкөнүн базарларында…

Ден соолукту чыңдоо адистери айылдык ден соолук комитеттери менен бирге Кемин районунда эмдөө жөнүндө элге тастыкталган маалыматтарды таратышты.

COVID-19: Пандемия жалпы элдин көйгөйү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кызматкерлери соода жайларына чатырларды тигип, эмдөөгө келгендерге тиешелүү шарттарды түзүп жатышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.