ЖАҢЫЛЫКТАР

А.БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУГА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛУШУ КЕРЕК”

135

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун ишин күчөтүү керек экендигин белгиледи. Ал оорулардын алын алуу боюнча калк менен иш алып барган мекемеге баш багып, сыркоолордун алдын алууда элге туура жана тастыкталган гана маалыматтарды жеткирүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр борбордун эмгек жамааты менен жакындан баарлашып, көйгөйлөрүн укту. Ошондой эле профилактикалык иш-чараларды калк арасында жайылтууда колдоо көрсөтөрүн айтты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.