ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ

Айдоочулар акчаны же мактанычты эмес, жоопкерчиликти алдыга коюшу керек!

224

Статистикалык көрсөткүчкө таянсак, Кыргызстан боюнча бир жыл ичинде орто эсеп менен 6600 жол кырсыгы катталып андан 700гө чукул адам каза болот.
Ал эми бул көрсөткүчтү ар бир күнгө бөлгөндө күн сайын 2 адам бул дүйнө менен кош айтышып жатат дегенди билдирет.
Жаракат алгандардын арасында дагы канчасы оор абалда калып, өмүр бою майыптыкта күн кечирип келишет.

Кырсык каш-кабактын ортосунда деп бекеринен айтылган эмес, акыркы бир жума ичинде эле жол кырсыктарынын катар-катар катталып жатканы өтө кейиштүү нерсе, канчалаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган жол кырсыктарына эмне себеп болууда? Бул суроо бардык кыргызстандыктарды ойлондурбай койбойт. Негизинен мунун баары билбегендиктен же айдоочулук тажрыйбанын аздыгынан болуп жаткан жери жок, болгону билген жана баардыгыбызга белгилүү болгон эрежелердин эле сакталбагандыгынан болуп жатат деп белгилешет адистер.

Көп учурда алыскы региондордон Бишкек шаарына каттаган айдоочулардын арасында кырсыкка кабылгандардын себебин териштиргенде экинчи же үчүнчү ирет удаалаш рейске чыккан айдоочу экени белгиленет, же болбосо айдоочу көрсөтүлгөн ылдамдыктан бир кыйла жогорку көрсөткүчкө чыгып кеткени аныкталат.

Демек жол кырсыктарынын алдын алууда айдоочулардын жоопкерчиликтери абдан маанилүү орунда турат.

Төмөндө атайы адистер тарабынан берилген сунуштар менен тааныша аласыздар.

Айдоочуларга эстеткич

1.Жолго чыгаарда унаанын жалпы абалына көңүл бургула.

►оң жана солго кайрылуу жана авариялык сигналдары
►жарык берүү системасы (түз жана жерге жарык берүү)
stop сигналы

2.Өзүңөрдү карагыла!

►Коопсуздук курун тагынбастан унааны айдабагыла
►Рулда баратканда телефонго же башка алаксытуучу нерселерге карабагыла
►Рулда баратып тамактанбагыла
►Эгер узак жол жүрсөңөр көпкө чейин тынымсыз айдабагыла
►Уйкудан калган күндөрү же катуу чарчап турган учурда рулга отурбагыла.
Бул майда-барат нерселер канчалаган өмүрлөрдү сактап калат.

3.Жол тилкелерин каалагандай алмаштырбагыла!

► Жанаша келаткан унаа капталдагы арканы көрсөткөн күзгүдөн дагы көрүнбөйт, бул нерсе көрүнбөгөн аралык болуп эсептелет. Эске ала турган нерсе унаа токтоп турганда дагы ушул көрүнбөгөн аралык маанилүү, анткени токтоп турган унаадан күтүүсүздөн жүргүнчүлөр чыгып калышы мүмкүн, ошондуктан көрүнбөгөн аралык жолдо дагы токтоп турган жерде дагы маанилүү.
►Кайрылууну же жол тилкесин алмаштырууну плансыз аткарбагыла. Жогорда айтылган көрүнбөгөн аралыктагы унаа же ылдамдыгын өзгөртүп жаткан арттагы унаалар үчүн абдан чоң тоскоолдук жаратылат. Ошондуктан алдын ала кайрыла турган тарапка же тилке тарапка багытталган атайы сигналды иштетип, минимум 4-5секундан кийин гана аткаргыла. Эгерде алдыда бараткан унаанын айдоочусу кандайдыр бир шектүү болуп, сиз аны ашып өтүүгө белсенип жатсаңыз, ага билдирүү зарыл, үн сигналы же тике жарык менен аткарылат.

4.Айдоочулук тажрыйбаңарга таянбагыла!

Кырсыкка кабылгандардын арасында тажрыйбасы мол айдоочу менен тажрыйбасы аздардын саны бирдей эле көрсөткүчтү түзөт, андыктан жол айдоочу үчүн ар дайым дыкат көңүл бурууну талап кылат.

5.Жол кесилиштерде светофорго гана карап айдабагыла.

Сиз жол эрежесин бузбасаңыз дагы кошумча тараптарга баам салып туруу керек. Жол кырсыгынын келип чыгышына бир эле айдоочунун көңүл коштугу жетиштүү болот.

6.Ар дайым аралыкты сактап жүргүлө!

Тормозду баскан учурда, ал бир нече секунддан кийин кармайт. Бул учурда ар бир сантиметр дагы мааниге ээ. Эгерде аралык өтө жакын болгон болсо, күтүүсүз кырдаалда кагылышуу коркунучу ошончолук жогору болот.

7.Айдоочулар арасында талаш-тартыш жаратпагыла.

►Ашыкча үн сигналын басып же эрегишүү дегенди такыр колдонбогула, АЙДООЧУЛУК – САБЫРДУУЛУКТУ ТАЛАП КЫЛАТ.
►Эрегишкен же унаасына мактанган, же амбицияга алдырыган айдоочуларга эч качан теңелүүнүн кажети жок.
►Ар бир айдоочу өзүнүн гана унаасына жана өзүнүн айдап бараткан жолуна жооптуу.

8.Бир калыпта айдагыла, эч кандай тез кыймыл аракеттер колонулбасын.

9.Ылдамдыкка кызыкпагыла!

Канчалык ылдамдаган сайын, адам адам өмүрүн алган кырсыктын ыктымалдуулугу жогорулайт. Андыктан уруксаат берилген максималдык көрсөткүчтөн ылдамдыкты ашырбагыла. Бул өзүңөрдүн жана башкалардын өмүрүн сактап калат.

10.Атайы кызмат унааларынын сигналдарына өзгөчө көңүл бургула.

МАИ, Өрт өчүрүү кызматы же тез жардам унааларын кезиктирсеңер тезирээк аларга жол бошотууга туура келет, бул учурда тажрыйбасы аз айдоочулар же шашканда туура эмес маневр жасап алган айдоочулар дагы болушу мүмкүн, ошондуктан атайы кызматтын унааларын гана карап маневр жасоо жетишсиз, аны менен бирге айланадагы айдоочуларга дагы баам салып туруу сунушталат.

11.Кечинде шаар ичинде, жарыктандыруу бар жерлерде тикелей берилген жарыкты иштетпегиле.

Алыскы жолго чыкканда гана иштетип, бирок алдыда бир нече чакырым аралыктан карама-каршы тилкеде автоунаа көрүнсө, анда сөзсүз түрдө жарыкты жерге берүү зарыл. Көзгө чагылышкан жарык кырсыкка алып келиши мүмкүн. Келаткан айдоочу жол чиийинди баамдай албай карама-каршы тилкеге өтүп кетиши толук ыктымал.
►Ар бир айдоочуга антиблик көз айнектерин алып жүрүү сунушталат.

12.Жаан-чачын жааган учурда ылдамдыкты кескин түрдө азайтуу керек!

Себеби трасса суу болгон учурда айлана-чөйрөдө бардык нерселер жана жолду кесип өтүп бараткандар, ошондой эле жол четинде басып бараткандар дагы жерден айырмаланып көрүнбөйт, бул жерде ылдамдык канчалык төмөн болсо ошончолук коопсуздук сакталган болот.

13.Жашыл түстү кыянаттык менен пайдаланбагыла!

Светофордо карама каршы тилкедеги кайрылуу сигналы менен тургандар болсо, алардын кайрылып кетиши үчүн жашыл түстүн акыркы көз ирмемдеринде аларга жол бошотуу абзел. Мындай учурга бардык айдоочулар туш болушат.

Этибарга алынбаган бирок адам өмүрүн алган кооптуу учурлар

ЭРЕЖЕНИ САКТАП, СУНУШТАРДЫ АТКАРГЫЛА
АР ДАЙЫМ ДЕН СООЛУКТА БОЛГУЛА!

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.