ЖАҢЫЛЫКТАР

Ак халатчандар арасында тил майрамы өттү

153

Салтанаттуу иш-чаранын башында Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов: “Тил – улуттун байлыгы, дөөлөтү. Учурда мамлекеттик тилибизде документ жаза албай отурган биз үчүн катуу намыс болушу керек. Эне тилибизди өркүндөтүү менен катар чет тилдерин да үйрөнүп келечектүү кадамдарды жасайлы” – деп белгиледи. 

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору да бул конкурска катышып, министрдин атайын диплому менен сыйланды. Улуттук кардиология жана терапия борбору, Бишкек медициналык колледжи жана Кыргыз медициналык кайра даярдоо институту алдыңкылардан болуп өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. 

 Катышкан командалар кызыктуу оюн зоок көрсөтүшүп, эс алуу жайларына жолдомо, Саламаттык сактоо министрлигинин диплому, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Алкыш баракчалары менен бирге ар кандай белектер менен сыйланышты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.