ЖАҢЫЛЫКТАР

Акылга сыйбаган чакырык. Вотсап мессенджери аркылуу аты-жөнү белгисиз айым, дарыгерлерге кайрылбоого үгүттөөдө

98

Акылга сыйбаган чакырык. Вотсап мессенджери аркылуу аты-жөнү белгисиз айым, дарыгерлерге кайрылбоого үгүттөөдө.

Бул билдирүүгө байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет: 

“Аудио жаздырмада айтылып жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Республикадагы стационарларда иштеген медицина кызматкерлери коронавирустук инфекцияны дарылоодо, кескин түрдө Улуттук клиникалык протоколду сакташат. Мындан сырткары, алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөткөн дарыгерлер үчүн министрликтин #493-чү буйругу кабыл алынып, бекитилген. Бул документте бейтаптарды медициналык мекемелерге жеткирүү тартиби так жазылган. Оорулуунун абалын (дене табынын көтөрүлүшү, сатурациянын өлчөмү, дамыгуу, көкүрөктүн оорушу ж.б.у.с.) баалоо боюнча баракча толтурулат. Бул кагаздагы маалыматка ылайык, медицина кызматкери бейтапты ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алат”, – деп министрликтин маалыматында айтылат.

Абалы орто, оор жана өтө оор бейтаптар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушу зарыл экенин КР Саламаттык сактоо министрлиги баса белгилейт. Ошону менен катар жарандарды социалдык тармактар аркылуу такталбаган маалыматтарды таратпоого, бул сыяктуу аудио билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Анткени жөнөкөй, чындыкка жатпаган маалымат адам өмүрүнө коркунуч жаратат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.