ЖАҢЫЛЫКТАР

Ар бир адам жана коомчулук билүүгө укуктуу

122
  1. Кургак учукту алдын алса жана андан айыкса  болот.

Кургак учук – бул кургак учуктун микобактерияларынан келип чыккан жугуштуу оору, эгер бейтап адам дарыланбаса, ооруган адамдан дени соо адамга жугат.  Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал. Кургак учук – бул  КАРГЫШ эмес, тукум КУУБАЙТ жана  ӨКҮМ да эмес! 

Дарылануунун баардык шарттарын сактаган учурда гана кургак учуктан  айыктырууга болот. Эгерде белгилер пайда болгондон кийин тез арада текшерүүдөн өтүп, шайкеш (туура) дарыланууну баштаса, кургак учукту айланасындагыларга жуктурудан сактанса болот.  Шайкеш дарылануу кургак учукка каршы препараттардын баардык комплексин медициналык кызматкердин же коомдук жардамчынын көзөмөлүнүн алдында, дозалардын бирин да калтырбай жана дарылоонун толук курсун бейтап алгандыгын билдирет.

       2. Кургак учук – бул кургак учуктун микобактерияларынан келип чыккан жугуштуу оору, эгер бейтап адам дарыланбаса, ооруган адамдан дени соо адамга жугат.  Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал. Кургак учук – бул  КАРГЫШ эмес, тукум КУУБАЙТ жана  ӨКҮМ да эмес!

Оорунун козгогучу болуп кургак учуктун микобактериялары саналат. Туруштук бере албаган (иммунитети начар) адам кургак учуктун микобактерияларын камтыган майда тамчыларды аба аркалуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана сүйлөшкөндө бөлүп чыгарган оорулуу адам менен түздөн түз контактта болгондо кургак учукту жуктуруп алышы мүмкүн. Кургак учуктун микобактериялары тышкы чөйрөнүн таасирине туруктуу болуп, абада узакка чейин тирүү бойдон сактала берет. Адам ошол абаны дем алганда жуктуруп алышы ыктымал. Кургак учуктун микобактериялары  көбүнесе өпкөнү жабыркатат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.