Жугуштуу оорулар

Ар бир бала ден соолугун сактоого жана чыңдоого ажырагыс укукка ээ

1067

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында 2025-жылдын 10-апрелине карата кызамыкка байланышкан учурдагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калып жатканын, калк арасында кызамыктын 5168 учуру катталганын маалымдайт.

2024-жылдын 12-январындагы №10 “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 84-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, профилактикалык эмдөөлөрдүн жоктугу массалык жугуштуу оорулар же эпидемия пайда болуу коркунучу пайда болгондо жана биринчи кезекте бул мектепке чейинки курактагы балдарга тиешелүү болгон учурда билим берүү уюмдарына жарандарды кабыл алууну убактылуу чектөөгө алып келет.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ар бир бала ден соолугун коргоого жана чыңдоого, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай акысыз эмдөө кызмат көрсөтүүлөрүн алууга ажыратылгыс укукка ээ.

Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (ҮМБнын, ҮДТнын, ФАПтын) деңгээлинде жабдылган 1777 эмдөө бөлмө төрөт үйлөрүндө да бар. Ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар ден соолукка тиешелүү кам көрүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги БМСЖнын деңгээлинде 5 жылдан бери 85 көчмө мобилдик бригада жигердүү иштеп жатат.

Бул бригадалар республиканын бардык аймактарында, анын ичинде жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда, ошондой эле Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган ички мигранттардын арасында эмдөө жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине кирердин алдында балдар медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт, ага профилактикалык эмдөөлөрдүн картасы – №63 форма кирет, анда Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык билим алууга жеткиликтүүлүк/чектөө жөнүндө көрсөтмө берилбестен, алган вакциналар жөнүндө маалыматтар жазылат.

Ошондой эле оорунун андан ары жайылышына жол бербөө максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызамык оорусун басаңдатууда колдоо көрсөтүп жатканын белгилейбиз.

2024-жылдын 12-январындагы №10 “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, жарандар милдеттүү же сунушталган эмдөөгө карата медициналык кызматкерлердин эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткарууга милдеттүү.

***

Жыл сайын калк арасында 20 миңге чейин адам эмдөөдөн баш тартып келет. Баш тартууга диний ишенимдер (43%) жана вакциналардын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна шек саноо (45%) себепчи болууда.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунда кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө маселелери боюнча колл-борбор иштеп жатат. Сиз эмдөөгө тиешелүү каалаган суроолоруңузду узатып, ошондой эле өзүңүздү кызыктырган бардык суроолор боюнча консультация ала аласыз.

Колл-борбор күн сайын саат 08:00дөн 22:00гө чейин иштейт:

  • +996 (999) 632 226
  • +996 (703) 232 564
  • +996 (708) 521 710
  • +996 (703) 126 442
  • +996 (999) 323 011
  • +996 (312) 323 011

Leave a Reply

Your email address will not be published.