ЖАҢЫЛЫКТАР

Араван районунда балдардын 90%дан ашыгы эмдөөдөн өтүшөт

612

Ош областына караштуу Араван районунда жыл аягына чейин балдардын 90%дан ашыгы профилактикалык эмдөөдөн өтүшөт.

Араван районунда балдарды жана өспүрүмдөрдү пландуу эмдөөдөн өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда 87%ы эмдөөдөн өттү. Декабрдын аягына чейин Араван аймактык бириккен ооруканасынын дарыгерлери 1 жаштан 14 жашка чейинки балдардын 95%ын профилактикалык эмдөө менен камсыздоону пландоодо. Азыр коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал калыбына келгендиктен, ата-энелер балдарын эмдөөдөн өткөрүү үчүн ҮМБга алып баруудан коркпой калышты. Эскерте кетсек, профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары эмдөөнү толугу менен акысыз алууга укуктуу.

Майсалбек МАМЫТОВ

Араван райондук жалпы дарыгердик практика борборунун амбулатордук бөлүм боюнча директордун орун басары

Leave a Reply

Your email address will not be published.