COVID 19

Ата-энелер 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарда коронавирустун кайсы белгилерине көңүл буруулары зарыл

634

Ата-энелер 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарда коронавирустун кайсы белгилерине көңүл буруулары зарыл (!).

1 жаштан өйдө балдар COVID-19ду сасык тумоо катары көтөрүшөт.
 

Белгилердин арасында:
• алсыздык;
• ыйлаактык;
• мурундун бүтүшү;
• табиттин жоктугу;
• тамак оору;
• дене табынын көтөрүлүшү;
• дем алуунун оорлошуусу (көкүрөктүн оорушу/дем кысылуу);
• тамак сиңирүү трактынын белгилери;
• конъюнктивит байкалышы мүмкүн.

Ушул курактагы балдарда балдардын мультисистемалык сезгенүү белгилери (БМСБ) же цитокиндик бороон өрчүшү мүмкүнбү?

Балдардын мультисистемалык сезгенүү белгилери (БМСБ) же цитокиндик бороон – бул COVID-19га байланыштуу патологиялык абал жана ал балдарда дароо бир нече системаны жана органды жабыркатат.

БМСБ өтө сейрек учурларда ушул курактагы жана андан жогорку жаштагы балдарда өнүгүшү мүмкүн.

Мындай катаал татаалдашуу балдарда кандайча пайда болот?

Мындай татаалдашууга мүнөздүү:

  • дене табынын кескин жогорулашы;
  • артериалык кан басымдын жогорулашы;
  • акыл-эстин башаламандыгы;
  • ич оору;
  • диарея (ич өткөк);
  • шишик;
  • кусуу;
  • катуу баш оору.

Көбүнчө БМСБ жүрөк булчуңдарынын жана анын кабыкчаларынын сезгениши (миокардит, перикардит жана коронардык артериялардын сезгениши) менен коштолот.

Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарга этият болуңуздар, оорунун белгилери байкалган учурда биринчи кезекте жашаган жериңиздер боюнча педиатрга, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыздар.

Эгерде баланын абалы начарлап кетсе, шашылыш 103 телефонуна чалыңыз. Тез жардам кызматы күнү-түнү иштейт. Сизге педиатрдык топ жөнөтүлөт.

Баланы сөзсүз түрдө бала бакчага алып барууга болбойт, ал тургай, мурдунан бир аз суу агып жана жөтөл байкалса, дене табы жоктой сезилип, бирок бала алсыз жана уйкулуу болгон шартта дагы. Башка балдарга да жугузуусу мүмкүн.

Эскерте кетсек, 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарга COVID-19 инфекциясынын булагы эмделбеген ата-энелер, туугандары жана достору болуп саналат. Ошондой эле ковид менен ооруган бейтаптар, анын ичинде илдеттин белгилери билинбеген адамдар.

Оорудан сактануу чараларын сактаңыздар!

Балдарыңыздарды коргоо үчүн мүмкүн болсо COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүздөр!

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.