ЖАҢЫЛЫКТАР

Аянттагы чогулган элди кардиология жана терапия борбору текшерүүдөн өткөрүштү.

151

Эл аралык жарыш учурунда Улуттук кардиология жана терапия борбору чогулган элге артериалдык кан басымын ченеп, кант диабетинин белгилери жокпу, текшерип кеңеш беришти. Андан сырткары иш-чара учурунда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана Массалык коммуникация борбору менен Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору катышуучуларга ден соолукка тиешелүү түшүндүрмө китепчелерди таратышты.
Эскерте кетсек Бишкекте “Ак илбирсти” куткарууга салым кошуу максатында жарыш болуп өткөн. Иш-чара Nomad Sport бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулуп, бир нече уюмдун колдоосу менен ишке ашты. Аянтта миңдеген адамдар көрүү үчүн чогулуп, түрдүү оюн-зоокторго күбө болушту жана аягында жарыштын жеңүүчүлөрү аныкталып сыйлыктар тапшырылды.
Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бул жылы иш-чара чектөөлөрдү жана социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.