COVID 19

COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүдөгү оор кырдаалдардагы медицина кызматкерлеринин аракеттер алгоритми.

288

Бүгүн, 14-февралда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору БМСЖ (баштапкы медициналык санитардык жардам) медицина кызматкерлери үчүн “COVID- 19га каршы эмдөө тууралуу медицинциналык кызматкерлер менен адамдардын ортосундагы мамиле түзүү ыкмалары боюнча тренинг өткөрүүдө. Окутуу USAID LHSS тарабынан каржылык жана техникалык жактан колдоого алынды.

2 күндүк окутуунун максаты: иммундаштыруу программаларына

медицина кызматкерлеринин арасында төмөндөгү маселелер боюнча

билимдерине, мамилелерине жана тажрыйбаларына көмөктөшүү болуп саналат:

  1. COVID-19га каршы эмдөө маселелери боюнча адамдар ортосундагы мамилелердин маанилүү принциптерин түшүнүү жана колдонуу
  2. медицина кызматкерлеринде калк арасында COVID-19га каршы вакцинанын коопсуздугу жана эффективдүүлүгүнө байланышкан суроо-талаптарга жана көйгөйлөргө болгон фактылардын негизинде эффективдүү жооп берүүгө ишенимдүүлүктү бекемдөө
  3. COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүдөгү оор кырдаалдардагы медицина кызматкерлеринин аракеттер алгоритми.

 Ушул семинар аяктаганда анын катышуучулары ишке ашыра алышат:

  1. Вакцинага карата ишенимдин даражасын аныктоо жана МК ролун

түшүндүрүү;

  • Тобокелчиликтерди түшүнүү жана алар тууралуу эмдөө боюнча чечим кабыл

алуусу зарыл болгон бейтаптарга маалымат берүү;

  • Бейтаптардын жүрүм-турумун түшүнүү үчүн вакциналарды кабыл алуунун

даражасын жана алардын суроо-талапка ээ экендигин аныктоо;

  • Вакцинага карата өкүм сүргөн ишенбестиктерди жана COVID-19дун

контекстинен алганда таасир берүүчү факторлорду сүрөттөө;

  • COVID-19га каршы эмдөөгө карата бейтаптардын ар кандай мамилелерин аныктоо;
  • Бейтаптардын эмдөөгө карата мамилелерин эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө боюнча мамиле түзүү жана кеңеш берүүлөргө болгон керектөөлөрдү жана максаттарды аныктоо;
  • COVID-19га каршы вакцинанын коопсуздугу жана эффективдүүлүгүнөн кооптонууларды алып салуу үчүн мотивация берүүчү маектешүүгө негизделген стратегияларды колдонуу менен структуралык мамилени колдонуу;
  • COVID-19га каршы вакциналарга калк тарабынан ишенимди жана аларга карата оң мамилелерди калыптандыруу үчүн так, кыска билдирүүлөрдү колдонуу;
  • Бейтаптарга COVID-19га каршы эмдөө жана вакциналардын коопсуздугу боюнча маалыматтын так булактарын табууга жардам берүү.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.