ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү!

912

Читать на русском

Бишкек шаарындагы “Адинай” шаардык сейил багында 3-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Акцияга Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ички иштер, Коргоо министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү жана башка коноктор катышышты.

Иш-чаранын алкагында жарандар үчүн АИВке каршы экспресс-тестирлөө, кандагы канттын деңгээли, кан басымын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, тамекини таштоо, туура тамактануу, акыл-эс саламаттыгы тууралуу маалыматтар берилди.

Андан сырткары, Улуттук Гвардиянын оркестринин коштоосунда концерт, флешмоб, физикалык көнүгүүлөр боюнча мастер-класс, шахмат, теннис, армрестлинг турнирлери өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Иш-чара велосипед парады менен жыйынтыкталды.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо максатында. катышуучуларга беткап таратылып, 1 метрден кем эмес физикалык аралыкты сакталуусу жана антисептик колдонуусу талап кылынды.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.