ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүткүл дүйнөлүк донор болуу күнүнө арналган иш-чара болуп өттү

203

Бүгүн борборубуздагы Фрунзе ресторанында Бүткүл дүйнөлүк донор болуу күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Акциянын максаты – коомчулуктун көңүлүн буруу жана канга муктаж адамдарды коопсуз донордук кан менен камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз кан тапшыруу зарылчылыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Кандын жетиштүү запасын үзгүлтүксүз, ыктыярдуу жана акысыз кан тапшыруу менен гана камсыз кылууга болот.
Бул иш-чара: “Донор бол, өмүрдү сактап кал!” деген ураан астында өтүп жатат. Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы шаардык саламаттыкты сактоо кызматтарынын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле өлкөнүн ардактуу акысыз жана туруктуу донорлору катышты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.