ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнү

148

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнүнүн белгиленип келе жатканына 33 жыл толду, тагырак айтканда 1988-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 42-отурумунда кабыл алынып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан “31-май тамекиге каршы күрөшүү күнү” деп жарыяланган.
ДСУнун билдирүүсү боюнча жыл сайын Кыргызстанда болжол менен 6000 адам тамекинин айынан көз жумат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча алып караганда бул көрсөткүч 6 миллион адамды түзөт, алардын ичинен 600 миң адам тамеки түтүнүнө кабылгандар экени тастыкталган.Тамеки чегүү 25тен ашуун оорулардын түрүнө алып келет алардын негизгилери болуп жүрөк, кан-тамыр оорулары, дем алуу органдарынын жабыркашы жана бир нече онкологиялык оорулар эсептелет. Ошондой эле тамеки никотининде 7000ден ашуун уулуу зат бар.Урматтуу Кыргызстандыктар, бул көрсөткүчтөрдү өзгөртүү үчүн Сиздердин салымыңыздар чоң!

Leave a Reply

Your email address will not be published.