Балдарга кам көрүү

Балдар күнү балдар үчүн майрам, ата энелер үчүн эскертүү!

303

Эл аралык балдарды коргоо күнү жыл сайын жайдын алгачкы күнү 1-июнда майрам катары каралып, ага арналган иш чаралар өткөрүлүп турат. Бул дата 1949-жылы Парижде Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими менен жарыяланып, 1950-жылдан тартып ар жыл сайын эл аралык денгээлде белгиленип келет.
Бул күнү балдардын майрамы катары карап, аларды майрамдатып эле тим болбостон, аларга тиешелүү аракеттерди ар күнү, ар бир учурда эске алуу керектигин, ошондой эле майрам балдар үчүн ал эми ата энелер үчүн эскертүү экендигин адистер эскертишет.

►Ар бир бала эч кандай кыйынчылыктарга, зомбулукка учурабашы керек!

►Эч бир ата эне баласын жаман же кор болсун дебейт!

Бирок бул «эки сөз» оозеки түрүндө гана жашап калбашы үчүн, эмнелерди билүү зарыл?

БАЛАГА МЭЭРИМ ТӨГҮҮ – Балага жылмаюу, сылоо, кучактоо, өбүү,аркылуу сүйүүңөрдү билдиргиле. Мындаймээрим төгүүнү ымыркайларга чейинжакшы сезишет жана бул мамиледен аларазыктанышат.

БАЛАГА АТАЙЫ УБАКЫТ БӨЛҮҮ – Алар менен сүйлөшкүлө, ойногула жана китеп окугула. Туура тандалган оюнчуктар, биргелешкен таанып-билүүчү оюндар жана китеп окуу баланы куракка жараша тарбиялоого эң сонун каражат болот.

АЛАР МЕНЕН МАМИЛЕ ТҮЗГҮЛӨ – Бала менен дайыма мамиледе болуу, аны угуу, анын эмоцияларын түшүнүү зарыл. Ата-энелер менен ишенимдүү мамиле – бул балага баарынан дагы көбүрөөк керек болгон нерсе. Мындай жол менен ал дүйнөнү тааныйт. Башка адамдар менен өз ара аракеттенишүүнү үйрөнөт жана өзүн тааныйт.

АЛАРДЫ МАКТАП ТУРГУЛА – Бала аны баалап жана өзүнө адам катары кабыл алыша тургандыгын сезиши керек.Бөбөктү ата-энелери ал гана эмес азыраак аракеттери жана кылган иши үчүн жакшы болгондугун жана эмне үчүн экендигинтүшүндүрүү менен мактап жана колдогон учурда өзүнө болгон ишенимдүүлүгү өөрчүйт.

ЧЕКТЕРДИ ОРНОТКУЛА – Балага эмнени жасаганга боло тургандыгын, ал эми кайсыларга таптакыр тыюу салынарын жеткиликтүү Формада түшүндүрүү зарыл. Ушул жүрүм-турумду дайыма кармангыла. Бала менен ал сактооготийиш болгон жүрүм-турум эрежелери тууралуу макулдашкыла.

КУРЧАП ТУРГАН ДҮЙНӨНҮ ТААНЫГАНГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ – Бала жашоосунун биринчи жылдарында курчап турган чөйрөнү активдүү тааный баштайт. Бул мезгилде ата-энелер аны менен көбүрөөк мамиле кылууга, буюмдардын аталышын атоого жана эмнеге арналгандыгын айтып берүүгө, баланын көбүрөөк сүйлөшүнө түрткү берүү менен суроолорду берүүгө тийиш.

ТУУРА ЧЕЧИМ ТАБУУГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ – Ата-энелер баланы угууга, кошо кайгыруусун билдирүүгө, анын эмоцияларын түшүнүүгө,жүрүм-турумду багыттоого жана туура чечим табууга жардам берүүгө тийиш.

КООПСУЗ ШАРТТАРДЫ ТҮЗГҮЛӨ – Бала дүйнөнү таанып жаткандадайыма кыймыл-аракетте болот. Үй шартында ал жаракат албашыүчүн балага коопсуз шарттарды түзүү абдан маанилүү.

ЭГЕРДЕ БАЛА ТУТАЛАНЫП ЖАТСА – Бала чыргоолонуп жатса же алтуталана баштаса ата-энелер сабырдуу болууга тийиш. Эң эле кеңири тараган ыкма – бул аны алаксытуу жана көңүлүн башка бир нерсеге буруу.Бул бөбөктү тынчтандырууга жардам берет. Ал эми бир аз чоңоюп калнган куракта алаксытуу ыкмасын ынандыруу, түшүндүрүү же тикелей үйрөтүүгө алмаштыруу керек.

ФИЗИКАЛЫК ЖАЗАЛООГО БОЛБОЙТ! – Бала укпай чыргоолонуп жатканда айрым ата-энелер сабырын жоготушат жана балдарга какыс-кукус кылуу «өзүн кандай алып жүрүү керектигин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет» – деген ойдо зомбулукка барышат.
Мындай ыкма балдардын келечегине абдан терс таасирин тийгизет. Мисалы кылмышкерликке алып келет же психикалык жабыркоонун айынан түрдүү жөндөмдүүлүктөрүн жоготот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.