2025-жылдын 30-майында Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балалыктын планетасы – боорукердик, жылмаюулар жана кыялдар дүйнөсү” аттуу майрамдык иш-чара өткөрдү. Уюштуруучулар КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, жана Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Педиатрлар союзу болду.

Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев катышты. Ал өз сөзүндө кыргызстандык балдарды майрамы менен куттуктап, мамлекет үчүн өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна артыкчылык берерин баса белгиледи. “Өлкөдө 2,5 миллиондон ашык бала – калктын 34%ы жашайт. Мамлекет жыл сайын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөтүүнү күчөтүүдө: 2025-жылы 42 миллиард сом бөлүнгөн, 21 жаңы оорукана курулуп, дагы 12 оорукана оңдолуп жатат. Өлкө жетекчилиги, өзгөчө Президент тарабынан, саламаттыкты сактоо системасына өзгөчө көңүл бурулууда», – деп белгиледи министр.

Ошондой эле ал медициналык кызматкерлердин үзүрлүү эмгегине ыраазычылык билдирип, алардын ишине коомчулуктун баасы жогору экенин жана бул эмгек айлык маяналардын жыл сайын жогорулооcу аркылуу даана байкаларын кошумчалады.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Элнура Дүйшекеева кичинекей бейтаптарды куттуктап, дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүнө бир даана кычкылтек концентратору аппаратын белек кылып тапшырды.
Министр ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмдөрүн кыдырып, бейтаптар менен жолугушуп, аларга белектерди тапшырды.


Дарыланып жаткан балдар үчүн аниматорлордун жана волонтерлордун катышуусунда майрамдык программа уюштурулду: сүрөт конкурсу, балдардын эмгектеринин көргөзмөсү, ден соолук тууралуу викториналык суроолор, ачык оюндар, бетти боёо жана фотозоналар болду. Ар бир балага эсте каларлык белек берилди. Ден соолук, коопсуздук жана бейпилдик темаларына өзгөчө көңүл бурулуп, дарыгерлер ата-энелерге достук маанайда кичи консультацияларды өткөрүштү.

Майрам Ош шаарында да өттү. «Мындай иш-чаралар балдарга дарылануудан тыныгууга, камкордукту сезүүгө жана позитивдүү энергия менен толуктоого жардам берет, бул алардын сакайып кетишине өбөлгө түзөт», – деп белгилешти уюштуруучулар.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору бардык өнөктөштөргө, медицина кызматкерлерине жана ыктыярчыларга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет жана кичинекей бейтаптардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.




Categories: Балдарга кам көрүү