ЖАҢЫЛЫКТАР

“Бири-бирине жакын – баңгиден алыс” алдын алуу программасынын жыйынтыктарын чыгарды

345

Бүгүн 2019-жылдын 19-сентябрында Европа Биримдиги тарабынан
каржыланган Борбор Азияда баңгинин жайылышына бөгөт коюу боюнча программанын (CADAP) жыйынтыктоочу конференциясы өттү.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту
чыңдоо борборунун директорунун орун басары Жамиля Усупова 2016-
жылдан бери CADAPтын алкагында пилоттук мектептерде жүргүзүлүп келе жаткан “Бири-бирине жакын – баңгиден алыс” алдын алуу программасынын жыйынтыктарын маалымдады.
“Бири-бирине жакын – баңгиден алыс” программасынын максаты – 6-
10-класстардын өспүрүмдөрү тарабынан психоактивдүү заттарды
пайдалануунун алдын алуу.
Биринчи жолу программа Токмок жана Кызыл-Кыя шаарларында, Чүй жана Кадамжай райондорунда ишке кирген. 215 мектеп, 2200 мугалим, 41 миң ата-эне жана балдар программанын катышуучулары болушту.
«Биздин стратегия ата-энелер жана балдар өз ара пикир алышууга
көбүрөөк убакыт бөлүшүндө турат. Ошондой эле ата-энелер баланы
айыптабастан, аны менен баңги колдонуунун кесепеттери жөнүндө
сүйлөшүүсү маанилүү”,-дейт Ж. Усупова.
Анын айтымында алар ата-энелерге баңги пайдалануунун биринчи
белгилерин кантип айырмалоо керектигин, мындай кырдаалдарда кимге кайрылуу керектигин көрсөтүшкөн.
Өз кезегинде Польшанын Баңгиден көз карандылыкка бөгөт коюу
боюнча улуттук бюросунун директорунун орун басары Богуслав Буковски
РЕСПУБЛИКАНСКИЙ ЦЕНТР
УКРЕПЛЕНИЯ ЗДОРОВЬЯ
МИНИСТЕРСТВА ЗДРАВООХРАНЕНИЯ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
720040, г. Бишкек
ул. Логвиненко, 8
тел.: 300985, 300149 факс: 301021
E-mail: rchp08@mail.ru

өспүрүмдөрдүн 90%ы алдын алуу программасынын иш-чараларына
баргандан кийин кайсы гана болбосун психотроптук заттарды толук четке кагаарын көрсөтүшкөн. “Өспүрүмдөр бир жолу сынап көрүүгө болот, олуттуу кесепеттери болбойт деп эсептешет. Бул баңги пайдаланууга бөгөт коюунун эң эле маанилүү учуру, биздин мүмкүнчүлүк аларды тескерисинче экендигине ишендирүүдө жатат”,-деп белгиледи ал.
Программага мониторинг жүргүзүү ата-энелер балдар менен
көбүрөөк убакыт өткөрүп жана алдын алуу иш-чараларына активдүүрөөк катышып жаткандыгын көрсөттү.
«Эми биздин башкы милдет – бул тажрыйбаны бүт республикага
жайылтуу. Мугалимдер – бул чынжырдагы биринчи звено, биз алардын психотроптук заттарды пайдалануунун алдын алууга көбүрөөк убакыт бөлүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табууга тийишпиз”,-деп жыйынтыктады Ж. Усупова.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.