“Тамак-аш коопсуздугу – бул жалпы жоопкерчилик. Илимий жактан негизделген стандарттарды колдонуу жана заманбап технологияларды киргизүү – калктын саламаттыгын сактоонун негизги жолу”, – деп билдирди БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Олег Гучгелдиев Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу күнүнө арналган тегерек столдо.

Бул тармактар аралык тегерек стол бүгүн 5-июнда Бишкекте өттү. Иш-чаранын максаты тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун маанилүүлүгүн коомчулукка маалымдоо, илимий негизделген ыкмаларды жайылтуу, мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болгон.


Тегерек столго Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү, Кыргыз Экономика университетинин окутуучулары жана студенттери катышты. Иш-чарада HACCP, GMP, GHP өңдүү эл аралык стандарттарды жайылтуу, коомдук тамактануу жайларында коопсуздук талаптарын күчөтүү, коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу зарылдыгы айтылды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова: «Бул жаатта мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү менен бирге, калктын маалымдуулугун жогорулатуу биздин негизги милдеттерибиздин бири», – деп белгиледи. Иш-чаранын жыйынтыгында секторлор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаш адистерди даярдоо, эл аралык стандарттарды жайылтуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.



Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР, Тамактануу