Алдын алуу

Бишкекте Эл аралык Евроазиялык геронтологиялык форум өттү

349

2025-жылдын 4-июнунда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында II Эл аралык ЕвроАзиялык геронтологиялык форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген геронтология жана гериатрия боюнча алдыңкы адистер катышты. Форумга дарыгер-терапевттер, кардиологдор, акушер-гинекологдор, хирургдар, неврологдор жана медициналык жогорку окуу жайлар менен саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту.

Форум учурдагы геронтология жана гериатрия багытындагы маселелерди талкуулай турган аянтча болуп кызмат кылды. Калктын жашоосунун узарышы жана кары адамдардын санынын өсүшү – улгайган жарандарга өзгөчө медициналык жардам көрсөтүүнүн зарылдыгын жаратат. Кыргызстанда 65 жаштан жогору курактагы адамдардын үлүшү 5,7% же 407,8 миң адамды түзөт. Бул көрсөткүч өлкөнү “карылык” демографиялык чегине (7%) жакындатууда. Айрыкча Бишкек сыяктуу ири шаарларда улгайгандардын саны мындан ары дагы өсөрү күтүлүүдө.

Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы үчүн негизги чакырык – геронтологиялык жардам көрсөтүү үчүн кадрлардын жетишсиздиги жана адистештирилген мекемелердин жоктугу. Форумдун максаты – улгайган адамдарга медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана геронтология менен гериатрия тармагында квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат.

Форумдун алкагында фармацевтикалык компаниялардын көргөзмөсү, илимий-практикалык жана билим берүү программалары өткөрүлдү. Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын алдыңкы адистери катышып, карылыкка байланыштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча инновациялык ыкмаларды талкуулашып, тажрыйба алмашышты жана региондогу геронтологиялык кызматты өнүктүрүү жолдорун белгилешти.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.