АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Бойдон алдыруунун кесепеттери

251

Бүгүнкү күндө бойго бүтүрбөөнүн ыкмаларынын көптүгүнө карабастан күтүлбөгөн кош бойлуулук маселесин чечүүдө жасалма жол менен бойдон алдыруу уланып келүүдө.

Бойдон алдыруу аялдарга катуу кабылдоолорду алып келет, ал тикеден-тике операция процессинде же бир нече убакыт өткөндөн кийин башталат. Бойдон алдыруудан кийин өтө көп кабылдоолор, эрежеге ылайык этек киринин, жыныстык мүчөлөрүнүн кызматынын бузулушуна алып келген жыныс органдарынын сезгенүү оорулары пайда болот.

Этек кир (менструалдык) циклинин өзгөрүшү ар кандай болушу мүмкүн: этек кир сейрек жана аз же тескерисинче, тез-тез жана көп болушу мүмкүн.

Кайра-кайра бойдон алдыруу кош бойлуулукту көтөрө албастыктын, убагынан эрте төрөөнүн жана төрөбөстүктүн көп убакта бирден бир себеби болууда.

Бойдон алдыруунун кесепети аялдар үчүн коркунучтуу, себеби ал жатындын тешилиши (перфорация), кан кетүү, айрым учурда жатындан тышкары бойго бүтүүгө алып келет. Тилекке каршы, көпчүлүк аялдар бойдон алдыруунун коркунучтуулугун баалашпайт, аялдардын ден соолугу үчүн олуттуу татаалдашууларга гана алып келбестен, кийинки кош бойлуулуктун жүрүшүнө жана аякташына таасир этет.

Эгер, Сиз дени сак бала төрөөнү кааласаңыз, анда бойдон алдыруудан алыс болуңуз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.