Алдын алуу

Бойго болтурбоочу тосмо каражаттар

248

Заманбап медицина күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн өтө көп ыкмаларды сунуштоодо. Контрацепциянын түрлөрү менен ыкмалары бири-биринен таасири, организмдеги иштөө жөндөмү, колдонуу жолдору, ошондой эле пайдалуу тараптары менен кескин айырмаланып турат. Бул тууралуу Репродуктивдүү ден соолук жана укуктар борбору жазды.

Контрацепциянын ыкмасын тандап алуу аркылуу күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуу менен катар эле анын таасири тигил же бул бойго бүтүрбөөчү заттарды ырааттуу пайдаланууга тыгыз байланышкан. Бул өзгөчөлүктөрдү аңдоо жана эске алуу кош бойлуулуктун алдын алууда ар бир адамдын жеке талабына жараша мамиле кылуу дегенге барабар.

Презервативдер
Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын ичинен эң эле атактуусу презервативдер болуп эсептелет. Заманбап презервативдер адатта өтө жука, бышык латекс материалынан жасалат. Алар аялды жеке эле кош бойлуулуктан сактабай, жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оорулардан коргогон жалгыз каражат.

Презервативдердин эркек жана аялдарга багытталган эки түрү бар. Эркектердин презервативдери 99% эффективдүү деп эсептелет. Алар полиизопрен, же полиуретандан турган жука латекстен жасалат.

Аялдардын презервативдери – эки тарабында шакекчеси бар полиуретан затынан жасалып, бир жак шакеги жатындын жанына, бир жагы жатын кынына кийгизилет. Аялдар үчүн жасалган барьердик контрацепциялар атайын суюктук менен майланган, диаметри 8 см, узундугу 18 см. Аялдардын презервативдеринин таасири 95%.

Спермициддер
Жатын кынына сүйкөй турган көбүктөр, атайын майлар кош бойлуулукту химиялык жол менен алдын алат. Көбүнесе аны жыныстык катнаштын алдында аялдар жатын кынына сүйкөшөт. Таасири күчтүү болушу үчүн ар бир каражатка бекитилген колдонуу тартибин дыкаттык менен окуп чыгып, андагы убакытка жана шарттарга байланыштуу эрежелерди так аткаруу зарыл.

Диафрагма жана калпакча
Жатын кынына коюлган диафрагма кичинекей желим калпакча болуп саналат. Анын эни 8,5 см ашпайт, диафрагманын жумшак четтери жатын кынынын оозун бекитип, эркек уругунун түшүүсүнө тоскоол болот. Дифрагмалардын айрым учурда өлчөмү да өзгөрөт. Эгерде бул каражатты эрежеге ылайык туура пайдаланса кош бойлуулктун алдын алуу 92-96% эффективдүү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.