Курамына коргошун кошулуп, өндүрүлгөн боёктор көптөгөн мамлекеттерде адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратып жатканын сиз билесизби?
Боёкторду өндүрүүдө колдонулган коргошун кошулмаларынын акыркы түрлөрүнүн бири – хроматтык коргошун пигменттери. Коопсуз боектордун болгонуна карабастан, уулуу боектор дагы деле өндүрүлүп, экспорттолуп, миңдеген адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратууда.
Убакыттын өтүшү менен коргошундуу боекторду колдонууга тыюу салган өлкөлөрдүн саны өсүүдө. Бирок жер шаарындагы мамлекеттердин жарымынан көбүндө уулуу боектор тоскоолдуксуз колдонулуп келет. Мындан тышкары, көптөгөн өлкөлөр коргошун боёгун колдонууга тыюу салууну көзөмөлдөө жана аныктоо жагынан көйгөйлөрүнө дуушар болуп жатышат.
Кыргызстанда курулушта, имараттын ички оңдоп-түзөө иштери үчүн колдонулуучу лак-боёк материалдарынын курамына коргошун кошуу жана анын кошулмаларын колдонууга мыйзам менен тыюу салынган. Аны менен кооптуу боёктор өлкөнүн базарларына кирип кетиши мүмкүн, андыктан сак болуу керек.
Балдардын ден соолугуна кандай коркунуч жаралууда?
Дубалдардагы, эмеректердеги, терезелердеги жана каалагалардагы уулуу боёктон чыккан коргошундун чаңы жана майда бөлүкчөлөрү баланын ден соолугуна жашыруун коркунуч келтирет.
Боёктордогу коргошун оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн: балдардын такшалып келе жаткан мээсинин жабыркашы, IQ деңгээлинин төмөндөшү жана билим алуудагы көйгөйлөр, нерв, иммундук, репродуктивдүү жана жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешинин бузулушу.
Айрыкча 6 жашка чейинки балдар коркунуч алдында алсыз, анткени алар колдорун оозуна салат. Коргошунга булганган колдор аркылуу уулуу металл бөбөктөрдүн организмине кирет.
Сыйрыла баштаган эски боёк чаң менен кошо полго жана эмерекке түшөт. Жөрмөлөп же там-тум баскан бала колдорун уулуу чаңга булгап, кокусунан коргошун бөлүкчөлөрүн жутуп алышы мүмкүн. Эгер бул көрүнүш улана берсе, коргошун кичинекей органзмде топтоло бериши ыктымал.
Балдар үйдө же көчөдө ойноп жатып колдорун булгап, анан манжаларын жалашат. Айрым учурларда балдар сыйрылган боёктун күкүмдөрүн оозуна салып, даамдап көрүшү мүмкүн!
Коргошунга уулануунун кесепеттери дароо байкалбайт, бирок ал өкүнүчтүү жыйынтыгын берет! Баланын нерв системасынын бузулушу, билим алуудагы көйгөйлөр, өсүп жетилүүнүн кечеңдеши коргошунга байланыштуу болушу мүмкүн.
Боёктордогу коргошунга уулануудан кантип сактануу керек?
Үй-бүлөңүздү коргошундун кесепеттеринен сактоо үчүн жөнөкөй, бирок маанилүү кеңештерди аткарыңыз:
– Боёктордун курамын текшериңиз: үйдөгү оңдоп-түзөө иштери үчүн сертификаты бар боекторду сатып алууга аракет кылыңыз.
– Эскирген боёкторго жакын жолобоңуз жана балдарды алыс кармаңыз: эгер дубалдар же терезелердеги боек эскирсе, анын сыйрылып, күкүмгө айланышына жол бербеңиз.
– Үйдүн ичин нымдуу сүлгү менен тазалаңыз: коргошундун чаңы полго, эмеректерге жана оюнчуктарга түшүшү мүмкүн. Анын абага көтөрүлбөшү үчүн нымдап, тазалаңыз.
– Ойногондон кийин, өзгөчө тамактанаардын алдында балдардын колдорун самындап жууңуз.
– Үйдү оңдоп-түзөөнүн коопсуз ыкмаларын колдонуңуз: эски боёкту кургак ыкма менен сыйрыбаңыз — бул коргошуну бар чаңдын абага учушуна алып келиши мүмкүн!
Үйдү сырдоо үчүн коопсуз боёкторду кантип тандоо керек?
Эмнелерге көңүл буруу керек:
– Боектун таңгагында “Курамында коргошун жок” деген белги болушу керек.
– Эл аралык коопсуздук талаптарына жооп берген боекторду, курулуш материалдарын тандаңыз.
– Баасы арзан, сертификаты жок боекторду, айрыкча базарлардагы жана шектүү дүкөндөрдөгү товарларды сатып алуудан алыс болуңуз.
– Үйдө сакталып калган курамы белгисиз, эски боёкторду колдонбоңуз.
Өзүңүзгө жана балдарыңызга сак болуңуз! Сатуучулардан товар боюнча кеңири маалымат алыңыз!
Балдарыңыздын ден соолугу — сиздин жоопкерчилигиңиз!
Categories: ДЕН СООЛУК, Экологиялык шарт