ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ

Быйыл жол кырсыгынын көрсөткүчү 23% га өстү

275

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 8 миңден ашуун адам ар кандай жаракаттарды алса, 600дөн ашуун адам өмүрү менен кош айтышкан. Тилекке каршы мындай жол кырсыгынан өмүр бою ден соолугунан ажырап, түрдүү майыптыкка туш болгондордун саны дагы арбын.

Быйылкы жылдагы авариялардын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу 23% га өскөн.

Дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен алып караганда жыл сайын жол кырсыгынан 1 миллион 350 миң адам каза болот. Мындай адам өмүрүн алган жол кырсыктарына кабылгандардын көбү 5 жаштан 29 жашка чейинкилер болуп эсептелет. Ал эми 15 жашка чейинки курактагы каза болгон жаш балдардын саны бир жыл ичинде 20миңден 25 миңге чейин жетет. Мындай жаш балдардын жол кырсыгынан жабыркашы же өмүр менен кош айтышынын бирден-бир себеби катары “автокреслонун” колдлонулбагандыгы болуп эсептелери анык.

Негизинен жол кырсыктарынын келип чыгышын эксперттер мас абалындагы айдоочулар жана региондор арасындагы такси кызматын кылган айдоочулардын уктабастан бир нече жолку удаалаш каттамдары, ошондой эле белгиленген чектен ашкан жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочулардын кесепети деп белгилешет.

ЭСКЕРТҮҮ!
Эң жөнөкөй делген жол эрежелерин сактоо түбөлүктүү майыптыктын алдын алат!

Leave a Reply

Your email address will not be published.