Жугуштуу оорулар

COVID-19, КРВИ жана сасык тумоого чалдыккан шартта коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери

401

13.12.2022 Mare

Чектөөлөр азайтылды, бирок вирус биз менен!

Учурда сасык тумоо, курч респиратордук инфекциондук вирустар жана COVID-19 күчөп жаткандыктан ДЧжМКБу сунуштайт:

Коомдук жайларда санитайзерлерди (антисептиктерди) колдонгула жана коомдук жайларда беткап тагынып 1 метрден кем эмес аралыкты сактагыла.

Медициналык мекемелерде:

 —  дарыгерге алдын ала жазылгыла: онлайн же телефон аркылуу

Жумуш ордунда:

 —  эмеректерди жана оргтехниканын үстүлөрүн тазалап тургула, иш бөлмөлөрдү тез-тез желдетип тургула

Транспортто:

 —  төлөмдү карта аркылуу же кайтарымсыз майда тыйындар менен төлөгүлө. Кармагычтарды кармаган соң колду самындап жууп, антисептик колдонгонду унутпаңыз

Кызмат көрсөтүү салондорунда:

 —  мастерге алдын ала жазылыңыз

Коомдук тамактануучу жайларында:

 —  чакан топтор менен чогулгулганга аркет кылыңыз

Соода борборлорунда:

 — сатып алуучу нерселердин алдын ала тизмесин түзүп алгыла. Текчелердеги тамак аш азыктарын жана товарларды ашыкча кармабаңыз.

ДЧжМКБу жарандарды коомдук жайларга барууну чектөөгө жана суук тийүү белгилери байкалса (ысытма, мурун бүтүшү, жөтөл, ангина) ҮМБнын (үй-бүлөлүк дарыгерлерине) кайрылууга чакырат.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун  каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:

• №1 ҮМБ – 0312 64 45 42;

• №2 ҮМБ – 0312 21 03 57;

• №3 ҮМБ – 0312 32 52 32;

• №4 ҮМБ – 0312 43 39 07;

• №5 ҮМБ – 0312 63 51 23;

• №6 ҮМБ – 0312 57 02 84;

• №7 ҮМБ – 0312 66 20 44;

• №8 ҮМБ – 0312 42 69 62;

• №9 ҮМБ – 0312 21 17 32;

• №10 ҮМБ – 0312 67 82 74.                                    

Leave a Reply

Your email address will not be published.