COVID 19

COVID-19 оорусуна каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефондорун ишке киргизди

387

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунда жана Бишкек шаардык иммунопрофилактика борборунда Улуттук Кызыл Ай Коомунун колдоосу менен жаңы COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө кампаниясы боюнча сурап-билүү борбору иштей баштады.

Call-борбор ар күнү саат 08:00 – 18:00 чейин иштейт.

0312 32-31-27
0312 54-65-21
0500 30 32 23
0500 30 33 43


Номерлерине чалып, “Республикадагы эмдөө жайларынын даректери; Vero Cell жана Sputnik V вакциналары кимдерге жасалат; Эмдөөгө карата медициналык көрсөтмөлөр жана вакцинанын кыйыр таасирлери кандай болот; Орозо мезгилинде эмдөөдөн өтсө болобу” деген сыяктуу COVID-19 оорусуна каршы эмдөө кампаниясы боюнча кызыктырган суроолоруна жоопторду алышса болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published.