COVID 19

COVID-19 симптомдоруна карата аракеттердин алгоритми

6974

COVID-19: КДВО, анын ичинде жаңы коронавирус инфекциясы тарабынан пайда болгон симптомдорду аныктаган жарандар үчүн аракеттер алгоритми

Эгерде силерде бир же бир нече симптомдор пайда болсо:
– дене табынын жогорулашы
– кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу
– даам жана жыт сезүүнүн жоголушу  
– ичтин суюк өтүшү
– алсыздык, терчилдик
– муундардын сыздашы, булчуңдардын орукусунуусу

Үйдө болгула
Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочо болгула (мүмкүн болушунча өзүнчө бөлмөдө болуп, үйдүн ичинде ары-бери жүрүүнү чектегиле)
Гигиенаны сактагыла (беткап тагынгыла, колду тез-тезден жууп тургула, өзүнчө идиш-аяк колдонгула, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип тургула)
118ге же үй-бүлөлүк дарыгерге (ҮМБ) чалгыла, же СМС жөнөткүлө жана силерде симптомдордун бар экендиги тууралуу кабарлагыла

Сунуштар:
►Абдан көп өлчөмдө суюктук (суу, чай, компот) ичүү
►Парацетамол (чоңдорго жана өспүрүмдөргө) күнүнө 2-4 жолу 500 мг же ар бир 4-6 саатта 200-400 мг Ибупрофен ичүү
►Башка өнөкөт оорулар боюнча (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорулары, бронхиалдык астма ж.б.) дарыланууну уланта бергиле.

Өзүнүн абалына көзөмөл жүргүзүү:
►Дене табыңарды өлчөп тургула
►Тамырдын кагуу жыштыгын байкагыла
►Энтигүүнүн/жөтөлдүн пайда болушуна же күчөшүнө көңүл бургула

Ден соолуктун абалы начарлаган учурда (дене табы түшпөй жатса, жөтөл күчөсө, оор дем алуу/энтигүү пайда болсо), андан аркы дарылоонун тактикасын жана ооруканага жаткыруу ыктымалдуулугун  аныктоо үчүн бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерге кабарлагыла
►Өз алдыңарча антибиотиктерди жана вируска каршы далилденбеген башка дары каражаттарын ичпегиле
►Дарыгер көрсөтмөлөр боюнча зарыл болгон дарылоону дайындайт

Симптомдор болгон учурда төмөнкү нерселер СУНУШТАЛБАЙТ:
►Медициналык уюмдарга жана лабораторияларга кандын анализдерин тапшыруу жана өпкөгө компьютердик томография жасатуу үчүн өз алдынча келүү.

Эгерде силерде симптомсуз форма аныкталса же оорулуу менен байланышта болгон адам болсоңор, 14 күн обочолонуу режимин аткаргыла.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.