COVID 19

COVID-19: ТҮШТҮК АЙМАГЫНДА ЭМДӨӨ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

231

22-майга алынган маалыматтар боюнча Кыргызстанда 69 879 адам коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү, анын ичинде Ош облусунда 9 679 адам вакцина алса, Ош шаары боюнча 5 615 адам эмдөөдөн өттү. Түштүк аймактарында COVID-19 оорусуна каршы эмдөө боюнча калкка маалымат таратуу иштерин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын адистери жүргүзүп жатышат. Маалыматтык кампаниянын алкагында COVID-19га каршы эмдөө пунктарына келген жай тургундардын саны көбөйүп жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.