COVID 19

COVID 19га каршы – Pfizer – BioNTech Comirnaty (Тозинамеран) вакцинасы

198

Pfizer – BioNTech вакцинасы Кыргыз Республикасына COVAX глобалдуу демилгесинин алкагында келген.
Вакцина Германиянын BioNTech жана АКШнын Pfizer компанияларынын ортосунда иштелип чыккан, соодадагы аталышы Comirnaty (Тозинамеран).

Pfizer–BioNTech вакцинасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн жактырылган. Вакцинанын эффективдүүлүгү 95%ды түзөт. Вакцинанын экинчи дозасы жасалгандан кийин 7-күндөн баштап эффективдүүлүгүн көрсөтөт.
Pfizer–BioNTech вакцинасы дүйнө жүзүнүн 138 өлкөсүндө колдонулууда.

Pfizer–BioNTech вакцинасы мРНК негизинде түзүлгөн, вирустарды камтыбайт жана адамдын ДНКсына таасирин тийгизбейт.
Эмдөө курсу 21-28 күндүк аралык менен жасалат, ар бир доза 0,3 мл түзөт.
Вакцина ийиндин мүрү булчуңуна жасалат.

Көрсөтмөлөр:
Pfizer–BioNTech менен 18 жаштан жогорку курактагылар эмделишет.

Каршы көрсөтмөлөр:
Вакцинанын мурунку компонентине карата болгон анафилактикалык реакция.  

Эмдегенден кийинки мүмкүн болгон кыйыр реакциялар: инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, чарчоо, баш оору, дене табынын жогорулашы, булчуң жана муундардагы оорутуулар. Адатта мындай реакциялар эмдегенден кийин бир нече күндүн ичинде өтүп кетет жана көп учурда вакцинанын 2-дозасын алгандан кийин пайда болот. Эгерде реакциялар узагыраак сактала турган болсо медицина кызматкерине кайрылуу керек.  
Күчөгөн баскычтагы курч же өнөкөт оорулары бар, дене табы жогорулаган адамдар дарыгердин сунуштары боюнча айыккандан кийин эмделе алышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.