2025-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти «Дары-дармек» аттуу жаңы мобилдик тиркемени тааныштырды. Бул тиркеме дары-дармектерди ыңгайлуу издөө жана текшерүү үчүн иштелип чыккан.

Тиркеме эмне кылат?
Дары издөө: реалдуу убакыт режиминде керектүү дарыны кайсы дарыканада табууга болорун көрсөтөт.
Сапатты текшерүү: препараттын тастыктама сертификаты аркылуу анын түп нуска экенине көз жеткириңиз.
Бааны көзөмөлдөө: дарынын белгиленген баасын билип, ашыкча төлөөдөн сак болуңуз.
Жеңилдетилген программалар: айрым дарылар боюнча компенсациянын көлөмүн текшере аласыз.
Даттануу жөнөтүү: эгер жөнгө салынган дарыга дарыканада баа жогору коюлса, чекти тиркеп, арыз жөнөтүңүз. Арыз автоматтык түрдө түзүлүп, ыйгарым укуктуу органдарга жиберилет. Кабыл алынган чаралар боюнча жооп аласыз.
Жагымсыз таасирлер жөнүндө билдирүү: дарыларга болгон терс реакциялар тууралуу билдирип, тез арада чара көрүүгө көмөктөшүңүз.

Эгер дары тиркемеде жок болсо, бул анын катталбаган же мыйзамсыз экенин билдириши мүмкүн, бул болсо жарандардын саламаттыгын коргоого жардам берет.

Учурда тиркеме тесттик режимде иштеп жатат жана тынымсыз өркүндөтүлүүдө.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борборунун директору Нурила Алтымышева калк арасында бул тиркемени жайылтуу үчүн кеңири маалыматтык кампания жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.



Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР