АДК

“Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракети” Программасы

255

«Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракети” (ДКЖА) программасы – бул мамлекеттик саламаттык сактоо системасы менен айылдык ден соолук комитетинин ортосундагы ден соолукту чыңдоо көйгөйлөрү боюнча өнөктөштүк. 
ДКЖА калктын саламаттыгын жакшыртуу жана жамааттарды өнүктүрүү принциптеринин негизинде түзүлгөн. Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) – бул ден соолук боюнча өз айылдарында тандалган ыктыярчы катары иш алып барган коомдук мекемелер. Алардын негизги өнөктөштөрү мамлекеттик саламаттык сактоодогу ҮДТ\ФАП жана ҮМБнын ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери болуп эсептелет.
Райондук деңгээлде АДКлар Райондук ден соолук комитеттерине бириктирилген, алар коммерциялык эмес мекемелер катары каттодон өткөн. Учурда, 58 АДК бар. Бул мекемелер өз кезегинде Кыргызстандын АДК Ассоциациясын түзөт.

Кыргызстандагы ДКЖА программасынын теориялык негиздери

Учурдагы ден соолукту чыңдоо моделинин негизги өзөгүндө коомчулуктун өзүн бул көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу идеясы турат.
Бул пикир ден соолукту чыңдоонун Оттава хартиясында так белгиленген. Оттава хартиясы ден соолукту чыңдоо жана сактоодо аткарган ролу чоң болгондугун таануу менен коомчулуктун, жамааттын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чакырат. Оттава хартиясы кабыл алынган учурдан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бардык маанилүү документтери бул көз карашты жактай тургандыгын ырастады.

Оттава хартиясы – ден соолукту чыңдоо боюнча эл аралык келишими, Оттава, 1986-ж.
Ал 5 багытта иштейт:
1-Ден соолукту чыңдоого жардам берүү боюнча мамлекеттик саясат;
2-Жайлуу, ылайыктуу чөйрөнү түзүү;
3-Жамааттардын деңгээлинде аракеттерге жардам берүү;
4-Жеке жөндөмдөрдү өнүктүрүү;
5-Саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн ооруларды алдын алуу жана ден соолукту чыңдоого кайрадан багыттоо.

ДКЖА программасынын алкагында жамааттар менен өз ара байланыш моделинде эки мүнөздүү көз караш бар. Биринчи көз-караш – коомчулуктун потенциалын өстүрүүдөгү элементтерди жана оорулар менен күрөшүүдөгү ден соолукту чыңдоо багытынан башка кээде ага карама-каршы багыттар катары караган тикелей медико-санитардык иш-чараларды айкалыштыруу болуп саналат.
Ал эми башка көз караш, саламаттык сактоонун мамлекеттик системасы дал өзү коомчулуктун потенциалын өстүрүүгө катышкандыгы менен байланыштуу. Бул болсо жергиликтүү коомчулук, жамааттар баштапкы саламаттык сактоо звеносунун (БМСЖ) бир бөлүгү катары таанылган Алматы декларациясынын талаптарына дал келет.

Кыргызстандагы ДКЖА программасынын өнүгүшү

Алгачкы кадамдар: «Жумгал модели»
Кыргызстандагы ДКЖА программасын ишке ашыруу 2001-жылы башталган. Алгачкы жылы программада саламаттык сактоо системасы аркылуу жамааттар менен иштөөнүн идеялары жана мүмкүнчүлүктөрү чогултулуп, топтолуп, изилденип үйрөнүүгө жумшалды. Жамааттар, коомчулук менен саламаттык сактоо тармагынын ортосундагы байланышты жөнгө салуу жана моделдин туруктуулук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттерин мамлекеттик саламаттык сактоо тармагы аркылуу куруу алгачкы талаптардын шарттары болуп эсептелген.
Эки жыл ичинде бул модель жетишердик деңгээлде өнүктү. Ошону менен бирге бул моделди Нарын облусунун башка 4 районунда да жайылтуу мүмкүн болду. Нарын облусу – бийик тоолуу регион, 250 000 калкы бар, анын ичинен 160 000и болжолу менен 100 айылда жашайт.
Моделди жайылтуу үчүн жамааттар, коомчулук менен иштөө үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери да катышуусу зарыл эле, алардын штаттарынан биздин команда тренерлерди даярдап чыгармак. Бирок, мындай мамлекеттик штат жок эле. Ошол себептен, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун колдоосу менен ден соолукту чыңдоо кабинеттери түзүлдү. Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) кызматкерлери жалаң гана калктын ден соолугун чыңдоо багытында иш жүргүзгөн мамлекеттик саламаттык сактоо тармагынын алгачкы кызматкерлеринен болуп калмак, алар белгиленген бир мезгил ичинде жалаң гана Айылдык ден соолук комитеттери менен иш алып бармак.
2010-жылы Кыргызстанда 1400 айылдык ден соолук комитети иштеп, өлкөнүн 80%дан ашуун айылы программага камтылды.
2005-жылы өлкөнүн бардык регионунда ДКЖА программасы менен камсыздоону кеңейтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан саламаттык сактоону реформалоо боюнча “Манас-Таалими” Улуттук программасынын планына киргизилген.  Муну менен ДКЖА программасы расмий таанылгандан кийин, Швециянын Эл аралык өнүктүрүү  агенттиги  (SIDA) жана Американын Эл аралык өнүктүрүү  агенттиги (USAID)Кыргызстандагы аталган программаны колдоого алып, өлкө боюнча бул моделдин  таратылышына көмөк көрсөткөн.
Кыргыз Республикасында ДКЖА программасы 2008-жылы айыл жерлеринде КР ССМ тарабынан 02.04.2008-жылы №132 буйругу менен кабыл алынып узак мөөнөттү мобилизация жана ден соолукту чыңдоонун негизги механизми катары багытталган.   Кыргызстандагы ДКЖА программасын ишке ашыруунун жана жайылтуунун хронологиясы

Жылдар | Өнүгүшү
____________________________________________
2001 | Ден соолукту чыңдоо боюнча моделди жамааттардын деңгээлинде ишке ашырууну сунуш кылган Саламаттык сактоо боюнча Швейцария долбоорунун экинчи фазасынын башталышы. Жамааттар менен иштөө Жумгал районунда 2001-жылдын аягында башталды.
2002 | Жумгал районунда эң алгачкы Айылдык ден соолуккомитети түзүлдү.
2002-2005 | ДКЖА программасын эки облуста ишке ашыруу.
2005 | ДКЖА программасын Саламаттык сактоону реформалоонун улуттук программасына киргизилиши.
2006 | SIDA жана ЮСАИД уюмдары SDCге (Кызматташтык боюнча Швейцариялык Бюро) биригип ДКЖА
программасынын негизги донорлору болуп калышты.
2007-2011 | ДКЖА программасынын өлкөнүн башка облустарында жайылтылышы.

ДКЖА программасын координациялоо

Респубикалык ден соолукту чыңдоо  жана массалык коммуникация борбору  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик уюму, анын максаты  калктын ден соолугун чыңдоого жана анын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган ден соолукту чыңдоо боюнча мамлекеттик саясатты түзүү болуп саналат.

РДЧжМКБ ДКЖА программасынын алкагында ишмердүүлүгүн координациялайт, саясат менен иш алып барат, ден соолукту чыңдоо жана ооруларды алдын алуу боюнча программаларды пландоо боюнча стратегиясын аныктайт. РДЧжМКБ кызматкерлери ден соолук боюнча программаларды, методикалык колдонмолорду жана окуу китептерин (пособие) маалыматтык-окутуу материалдарды иштеп чыгып, мониторинг, баалоо жана анализ жүргузүү боюнча иш алып барышат. 

Ошондой эле, РДЧжМКБ  эл аралык, коомдук мекемелер жана ден соолук боюнча программаларды ишке ашырууга кызыккан өнөктөштөрдүн бирдиктүү ишмердүүлүгүн ишке ашырат.

Ден соолукту чыңдоо багытында иш алып барган долбоорлор, АДК жана ДЧК менен иштөөнү каалаган донорлор же долбоорлор өзүнүн ишмердүүлүгүн ДКЖА программасы менен бир ыңтайга келтирүү үчүн (макулдашуу) Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору менен байланышат.

Эгер донорлордун же долбоорлордун сунушу аталган региондун ден соолук көйгөйлөрүнүн кызыкчылыгына жооп берсе, же жалпы коомдук саламаттык сактоо маселесин камтыса РДЧМКБ донорлор жана долбоорлор менен бирге ден соолук максаттарын камтыган, аткарыла турган иш-чаралардын планын иштеп чыгат. Мындан тышкары калктын аныкталган көйгөйлөрүн, АДКлардын айтып чыккан көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында РДЧМКБ өзү ылайыктуу донорлорду же долбоорлорду издей алат. Ошону менен бирге  биргелешип иш алып барган донорлор же долбоорлор, алардын программаларын ишке ашырууну каржылоодон башка,  АДКлардын туруктуулугун өнүктүрүү үчүн өздөрүнүн салымын дагы кошот. Буга чейин ДКЖА программасы менен үзүрлүү кызматташкан донорлор же долбоорлордун ичинен төмөнкү уюмдарды атай кетсек болот, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк, Глобалдык фонд, Вакцинация жана иммунизация боюнча Глобалдык Альянс (ВИГА), Азия өнүктүрүү банкы (АБР), ЮСАИД, GIZ, Ага Хан фонду ж. б.

Ден соолукту чыңдоо кабинеттери

ДКЖА программасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ден соолукту чыңдоо кабинеттери (ДЧК) уюштурулду. ДЧКлардын кадрлар менен камсыз болуусу төмөнкүчө: 20 000 адам санына же 10 айылга 1 коюм (ставка). ДКЖАнын алгакында 130 ДЧК кызматкери эмгектенет. Алардын бардыгы райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери болуп саналат. Алардын көпчүлүгү – дарыгерлер, медайымдар, фельдшерлер, кээ бир учурда башка кесиптин өкүлдөрү, бирок сөзсүз атайын орто же жогорку билимдүү адамдар. Алар Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчилиги алдында иштешет.

ДЧК адистеринин иштери Айылдык ден соолук комитеттери менен эки негизги багыт боюнча ишке ашат:
1) уюштуруучулук,  АДКга жарандык коомдун көз карандысыз уюму катары калыптанышына жардам көрсөтүү;
2) ден соолук маселелери боюнча аракеттерге үйрөтүү.

 Ден соолук маселелери боюнча аракеттер

ДКЖАнын негизги звеносу АДК болуп саналат, алар ҮМБнын ден соолук кабинеттеринин адистеринин колдоосу менен “Ден соолук үчүн аракет” программасы менен иш алып барышат. “Ден соолук үчүн аракет” программасы ҮДТ\ФАП медицина кызматкерлеринин катышуусу менен АДК тарабынан ишке киргизилип, ал баштапкы медико-санитардык жардам менен ден соолукту чыңдоо маселелери боюнча ишмердүүлүктү интеграциялоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. 2001-2020-жылдар аралыгында АДК адистери ДЧК, ҮДТ\ФАП адистери менен биргеликте ден соолукту чыңдоо боюнча төмөнкү иш-чаралар аткарылган:

►Йоддолгон тузду колдонууну
жогорулатуу.
►Жогорку артериялык кан басым
►Эненин коопсуздугу
►Аз кандуулук (анемия)/туура тамактануу:
> Жашылчаларды өстүрүү.
> Кош бойлуу мезгилиндеги тамактанууну жакшыртуу
> Азыктарды консервациялоо.
> Эне сүтү менен багуу.
> 2 жашка чейинки балдар үчүн кошумча тамактар.
> Гүлазык
►Безгек
►Ооз көңдөйүнүн гигиенасы
►Дегельментизация
►Тамеки жана насвай

►Бруцеллез, эхинококкоз
►Гигиена жана санитарияны жакшыртуу;
►Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу
►Тамеки чегүү
►Туура тамактануу
►Физикалык активдүүлүк
►Алкогол ичимдиктерин ичүү
►Кургак учукту алдын алуу
►АИВ жана баңгизат колдонууну алдын алуу
►5 жашка чейинки балдарга талаптагыдай кам көрүү
►Эмдөөнү жогорулатуу
►КДВО жана грипп
►Коронавирустук инфекция

Ден соолукту чыңдоо жана коргоонун маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттар менен бирге иштешүу тажрыйбасы эффективдүүлүгүн көрсөттү. 20 жылдан ашуун убакыттан бери айылдык ден соолук комитеттери өздөрүнүн жамааттарында сергек жашоо мүнөзүн илгерилетүү боюнча маанилүү ролду ойнойт.
“Өз кан басымыңды бил” акциясында АДК 3 миллиондон ашык адамды текшерүүдөн өткөрүп, анын ичинен 300,000 адамдын кан басымы жогору же төмөн экендигин аныкташкан, ошол эле учурда 130,000 адам кан басымы бар экенин билишкен эмес.
АДК калк арасында эне сүтүнүн маанилүүлүгү, балдарда жана кош бойлуу аялдарда тобокел белгилердин бар экендигин, кургак учуктун белгилери жана АИВди алдын алуу боюнча маалыматтарды беришип, элдин маалыматтуулугун жогорулатышкан. Жүрөк-кан-тамыр ооруларынын себеби болгон жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча маалыматтуулугун жогорулатууну ишке ашырышкан.

Өнөктөштөр

АДКнын негизги өнөктөштөрү болуп жергиликтүү бийлик башкаруу органдары – айыл өкмөтү болуп эсептелет.  Ошондой эле, ДКЖА программасына мектептин, диний уюмдардын, коомдук ишмерлер, ветеринарлар жана башкалар активдүү катышып жатышат.
Жыйынтыктап айтканда, ДКЖА программасы саламаттык сактоо секторунда жана   кеңири сектор аралык, эл аралык өнөктөштүктүн негизинде маанилуу инициатива болуп,  ден соолук маселелери боюнча программаларды ишке ашырат.

Categories: АДК, Ыктыярчылар

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.