ЖАҢЫЛЫКТАР

“Ден соолук кербени” уланууда

283

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен 21- апрелине чейин Ош облусунун калкына сапаттуу  медициналык   жардам  көрсөтүү  максатында  « Денсоолук кербени » Ноокат районуна жөнөтүлүп, калктын саламаттыгына жардам көрсөттү.

« Денсоолук кербени » нин курамы, Ош областтар аралык ооруканасынын, Ош областтар аралык балдар ооруканасынын, Ош областтар аралык психикалык чыңдоо борборунун, Ош областтар аралык онкология борборунун медициналык кызматкерлеринен түзүлүп, кошумча керектүү жабдыктар менен жабдылган “Мобилдик клиника” да өз ишин алып барууда.

Зулпиев, КараТаш, Кыргыз Ата, Кеңеш айыл өкмөттөрүнөн жалпы 3010 жаран кайрылса, алардын 28% ы  Ош областтар аралык балдар ооруканасына, Ош областтар аралык онкология борборуна, жаткырылып, тиешелүү текшерүүлөргө жөнөтүлдү.  Калган жарандарга консультативдик-медициналык жардам берилди.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.