COVID 19

ЭМДӨӨ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ МАЛ БАЗАРЛАРДА ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

131

Нарын облусунун Кочкор райондук ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин дарыгерлери, айылдык ден соолук комитеттеринин башчылары менен дем алыш күндөрү жок эмгектенишүүдө. Алар мал базарларды кыдырып, коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
“Анткени мал базарларга бир гана райондон эмес, өлкөнүн башка облустарынан дагы адамдар топтолгондуктан түшүндүрүү иштери эффективдүүлүгүн көрсөтөт”, – дешет ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин дарыгерлери.

Leave a Reply

Your email address will not be published.