COVIDге каршы эмдөө

Эмдөөдөн өткөн калктын саны күн санап өсүүдө.

205

Кыргызстандын бардык аймактарындагы калктын көп бөлүгү СОVID-19га каршы 3-бустердик дозаны алып жатышат. Себеби аймактык дарыгерлер жергиликтүү калкка үйлөрүнө чейин барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анын натыйжасында өз каалоосу менен эмдөөдөн өткөң калктын саны күн санап өсүүдө.

09.02.2022-жылга карата эмдөө маалыматы

• 1 дозадан жасалган эмдөөлөрдүн жалпы саны – 1361778
• Кайталануучу биринчи катардагы эмдөө күнүнө – 610
• Эмдөөлөрдүн жалпы саны 2 дозаны түздү – 1109800
• Күнүнө кабыл алынган күчөтүүчү доза – 2168
• 3-дозадан жасалган эмдөөлөрдүн жалпы саны – 80601

Эскерте кетсек: эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясынын 3-дозасын (бустердик) 4 айдан кийин алышса болот. Бул мөөнөт мурда 6 ай болчу. Тиешелүү чечим КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

“Вакцинанын 3-дозасы 2021-жылдын 20-декабрынан тарта жасалып келет. Жаңы жылдык эс алуудан кийин эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганы байкалган. Мындан улам жаш курагы алтымыштан ашкан жарандарды, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык блоктун кызматкерлерин бустердик дозаны алууга чакырабыз”, – дейт КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Андан сырткары Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарында медицина кызматкерлери тарабынан, калкка жана мектеп окуучуларына, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эмдөө боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published.