ЖАҢЫЛЫКТАР

Ош шаарында коронавирустун алдын алуу боюнча иш чара уюштурулуп, маалыматтар берилди

145

COVID-19 оорусун эмдөө жолу менен алдын алуу боюнча калкка маалымат берүү кампаниясы өлкөнүн түштүк аймактарында ийгиликтүү өтүп жатат. Бул ирет Ош шаарындагы Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине эмдөө жана коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Иш-чара Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Түштүк филиалынын уюштуруусунда, Ош шаардык мэриясынын, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунун, Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жана тери ооруларынын алдын алуу борборунун өкүлдөрүнүн көмөктөшүүсүндө уюштурулду. Каалоочулар ВИЧ/СПИД ооруларына экспресс-тесттерди акысыз тапшырышты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.