ЖАҢЫЛЫКТАР

Эмне үчүн гепатиттин “В” түрүнө каршы эмдөөдөн өтүш керек?

504

15.12.2022 Mare

Кыргызстанда гепатиттин “В” түрүнө каршы калктын бойго жеткен катмарын акысыз эмдөө башталды.

Коркунучтуу дарттын алдын алуу Орусия өндүрүшүнөн чыккан “Регевак В” вакцинасынын жардамында ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, Россия Федерациясы Кыргызстанга “Регевак В” вакцинасынын 350 миң дозасын жана Вакцинатор атайын унаасын белек кылган.


Чоңдор үчүн гепатит “В” вирусуна каршы эмдөө кампаниясы Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнө СПИД жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жардам берүү боюнча Россия өлкөсүнүн программасынын бир бөлүгү.

“Гепатиттин “В” оорусу – бул өтө кооптуу оору. Ал боордун рак оорусуна алып келип, цыррозго түртөт. Мындан улам дүйнө жүзүндө бул дарттын алдын алуу үчүн эмдөө иштери жасалат. Кыргызстанда чоңдор үчүн эмдөө жеткиликтүү болгону кубандырбай койбойт”, – деди Калыс-Ордо жаңы конушунун №3 ҮМБ директору Мунара Өмүралиева.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.