ЖАҢЫЛЫКТАР

Эне сүтү – өмүр башаты

242

Эне сүтү – наристе үчүн зарыл бардык азык зататрды өзүнө  камтыйт. Бул жөнөкөй гана азык эмес, наристенин  муктаждыгына толук төп келген табылгыс табигый азык: анда наристение юаш мээсинин, көзүнүн, кан тамырларынын жетилиши үчүн  зарыл бөтөнчө май кислоталар бар.

Эмчек эмизүү пайдалуу гана болбостон, ал ыңгайлуу жана оңой:

-эмчек сүтү дайым даяр жана аны даярдоонун кажети жок, ошондуктан ал убактыңызды албайт;

-эмчек сүтү бекер, ошол себептен ага акчаңыз кетпейт;

-эне бир нече күн эмизбей калса,  эмчек сүтү ирибейт жана бузулбайт;

-эмчек сүтү  организмдин  сууга болгон керектөөлөрүн ысык күндөрдө  да толугу менен камсыз кылат.

Эмчек эмизүү – наристенин алгачкы 6 айындагы эң мыкты табылгыс азык, ошондуктан ага эмчек сүтүнөн башка азыкты бериштин зарылдыгы жок!

Наристеңиз 6 айга толгондон тарта аны эмчек сүтүнөн башка да кошумча тамактандыруу керек болот.

Эмчек эмизүү – наристелерди  ар кандай жугуштуу оорулардан коргойт. Ал төмөнкү оорулардын коркунучун азайтат:

-аллергияларды;

-астманы;

-аз кандуулукту;

-кант диабетин;

-тиштин туура эмес өсүүсүн;

-көздүн начар көрүүсүн.

 Эмчек эмизүү – балдарга ооруга аз чалдыгууга, бир жашка чейинки куракта ган эмес андан чоңоюп калган мезгилде  да оорулардан тез сакайып кетүүгө  жардам берет.  

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.