Жүрөк-кан тамыр оорулары

Энелер күнү жана гипертонияга каршы күрөш күнүнө карата уюштурулган иш-чарада аялдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулду

602

2025-жылдын 16-майында Бишкек шаарында Энелер күнү менен катар Республикалык аялдар кеңешинин 100 жылдыгына арналган өзгөчө маанидеги иш-чара болуп өттү. Ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленчү Энелер күнү быйыл да жогорку деңгээлде өткөрүлүп, салтанаттуу майрамдык маанай менен коштолду.

Бул иш-чара Республикалык аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧжМК), ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте катышты. Иш-чарада энелердин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал 17-майда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө да дал келди.

Майрамдык иш-чара алдында энелер акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү. Дарыгерлер алардын кан басымын, кандагы канттын деңгээлин текшерип, артериялык гипертензия жана жугуштуу эмес оорулар боюнча маалымат берип, пайдалуу кеңештерди сунушташты. Көптөгөн энелер биринчи жолу өз ден соолугунун абалынан кабар алып, зарыл болгон алдын алуу чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Салтанаттуу иш-чараны Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева ачып берип, андан соң Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашева жана Илимбек Кубанычбеков, ошондой эле ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Алийна Алтымышева жана РДЧжМК борборунун директорунун орун басары Нуржамал Шейшеева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Алийна Алтымышева өз сөзүндө энелердин саламаттыгы өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:
“Ден соолукту чыңдоо ар бир аялдын өз колунда. Өз ден соолугуңуздарга кайдыгер мамиле кылбастан, дарыгердин көзөмөлүнөн улам-улам өтүп туруңуздар. Себеби дени сак энеден дени сак наристе төрөлөт. Эненин саламаттыгы — бул өлкөнүн саламаттыгы.”

РДчжМК борборунун директорунун орун басары Нуржамал Шейшеева:
“Аялдардын ден соолугу боюнча маселелерди коомчулукка чыгарып, маанилүү талкууларды баштап жатканы үчүн аялдар кеңештерине терең ыраазычылык билдиребиз. Ден соолугуңуздарга ар дайым кам көрүүнү адатка айландырыңыздар,” — деп белгиледи.

Катышуучулар иш-чаранын пайдалуулугуна жана жылуу маанайына өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришти. Айрым энелер биринчи жолу өз кан басымы жогору экенин билип, дарыгерден дароо кеңеш алышты. Бул аялдардын ден соолугун жакшыртууга жана алдын алуу чараларын кеңири жайылтууга багытталган маанилүү кадам болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published.