ЖАҢЫЛЫКТАР

Энергетикадагы үзгүлтүктөн Ош шаарындагы бейтаптар жабыр тарткан жок

159

Электр жарыгы өчкөн убакта Ош шаардык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасында бир операция жасалып жаткан. Ал ийгиликтүү жыйынтыкталып, энергетикадагы үзгүлтүк бейтапка кедергесин тийгизген жок. Бул боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координаторунун орун басары Элнура Эралиева билдирди.
“Ош шаарындагы кызыл зонада өзгөчө кырдаал катталган жок. Жалпысынан 43 бейтап COVID-19 оорусунан дарыланууда. Алардын ичинен 10 бейтап кычкылтек концентраторуна, 1 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырылган. Аларга кычкылтек үзгүлтүксүз берилип жатты. Анткени кычкылтек жабдуулары борбордук камсыздоочу чордонго кошулган”, – деди Элнура Эралиева.
Ал Ош шаардык клиникалык ооруканасында генераторлор жетиштүү санда экенин жана электр жарыгы өчкөн убакта кечиктирилбей иштетилгенин кошумчалады.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.