АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Эрте диагноз аныктоо өмүрдү сактайт

925

28.12.2022 Mare

Ысык-Көл жана Нарын облустарында репродуктивдүү курактагы аялдар арасында «Эрте диагноз аныктоо өмүрдү сактап калат» акциясы уюштурулуп, атайын уюшулган топтордо өткөрүлдү. Иш-чара облустук жана райондук администрациялардын, Каракол шаарынын мэриясынын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын колдоосунда өткөрүлүүдө.

Компаниянын алкагында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ҮМБ/ЦОВПнын ден соолукту чыңдоо бөлүмдөрүнүн адистери коомдук саламаттыкты сактоо комитеттери менен биргеликте уюшкан топтордо эмчек рагын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аялдарды баштапкы саламаттык сактоо уюмдарында текшерилет.

Жалпысынан Нарын жана Ысык-Көл облустарында 174 уюшкан топтордун курамындагы репродуктивдүү курактагы 1090 аял сүт бездерин УЗИден өткөрүштү. 336 аялда сүт бездеринин патологиясы аныкталып, алар маммологдун консультациясына жана андан ары текшерилүүсүнө жиберилген.

Эмчек рагынын алдын алуу боюнча компания саламаттыкты сактоонун маанилүү маселеси боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жардам берип, аялдарга ооруну эрте аныктоо үчүн скринингден өтүүгө мүмкүндүк берди.

Акция коомчулукту, мамлекеттик органдарды ден соолуктун актуалдуу маселелерине тартууга, атап айтканда эмчекти өз убагында профилактикалык кароодон өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө өбөлгө түздү.

Келечекте Ысык-Көл облусунун администрациясы менен Каракол шаарынын мэриясы уюшкан топтордогу аялдарды скринингден өткөрүү үчүн кольпоскоп жана маммограф сатып алууну пландоодо.

Ошентип, ооруларды өз убагында аныктоодо жана аялдардын ден соолугун чыңдоодо мамлекеттик структуралардын, коомдук уюмдардын, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын өз ара кызматташуусу маанилүү милдет болуп саналат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.