Жугуштуу оорулар

Европалык эмдөө жумалыгы Кыргызстанда: маалыматтык иш-чаралар балдарды коргоого кантип жардам берет?

496

2025-жылдын 12-18-май күндөрү Кыргыз Республикасынын бардык 7 облусунда — Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында — Европа эмдөө жуиалыгына карата маалыматтык-агартуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Бул кампанияны Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин, үй-бүлөлүк медицина кызматкерлеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көмөгү менен уюштурду.

Апталыктын негизги максаты — калктын өз убагында эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана айрыкча өлкөдө кызамык илдетинин күчөп жаткан шартында өтө маанилүү. Иш-чаралардын алкагында ата-энелерге кызамык, анын кесепеттери жана эмдөөнүн натыйжалуулугу тууралуу ишенимдүү маалыматтар берилди.

Медициналык кызматкерлер эмдөөдөн өтүүнүн маанисин түшүндүрүп, суроолорго жооп берип, эмдөөгө байланышкан мифтерди жана коркууларды жокко чыгарышты.

Өзгөчө көңүл кичинекей балдардын ата-энелерине бурулду — бул жашта эмдөө иммунитетти калыптандыруу жана кооптуу жугуштуу оорулардан коргонуу үчүн өзгөчө маанилүү. Дарыгерлер менен баарлашуудан кийин шек санап жүргөн көпчүлүк ата-энелер балдарын ошол эле күнү эмдетүү чечимин кабыл алышты.

Жолугушуулар ар кандай аудиториялардын муктаждыктарына жараша уюштурулду: лекциялар жандуу сүйлөшүүлөр, интерактивдүү элементтер, консультациялар жана балдар үчүн анимациялык программалар менен коштолду. Бул иш-чаралар ар бир катышуучу ачык маалымат алып, колдоо таба алган жагымдуу чөйрөнү түзүүгө жардам берди. Иш-чарага ата-энелери менен келген балдарга кызыктуу белектер тапшырылды.

Европа эмдөө жумалыгы  жыйынтыкталды, бирок бул багыттагы иштер уланууда. Анткени балаңыздын ден соолугу үчүн туура чечим кабыл алуу, ар күнү маанилүү. ЕЭЖ ар бирибизге эскертүү болду: балдарыбыздын саламаттыгы  өзүбүздүн колубузда, ал эми өз убагында эмдөөдөн өтүү  жугуштуу оорулардын алдын алуунун эң эффективдүү жолу бойдон калууда.

Маалымат үчүн:

Европа эмдөө жумалыгы жыл сайын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионундагы өлкөлөрүндө вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган жугуштуу оорулардын жайылышын токтотуу жана калктын жамааттык иммунитетин чыңдоо максатында өткөрүлөт. 2025-жылы апталык «Иммунизация — ар бир адамдын колунан келет» деген ураандын алдында өтүп жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.