Зордук-зомбулук

Гендердик зордук зомбулукка каршы 16 күндүк кампания

254

02.12.2022 Mare

Аталган иш-чара Бишкек шаарында 16-күндүк кампания алкагында гендердик үй-бүлөлүк, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуу темалары козголду. Иш-чараны Республикалык “СПИД” борбору, КР саламаттыкты сактоо министрлиги жана кризистик “Сезим” борбору ЮНЭИДС менен биргеликте уюштурулган.


КР ИИМнин маалыматы боюнча 2021-жылы төмөндөгүлөр катталган;

– 604 сексуалдык зомбулук фактысы, 53%ы кылмыштык факты жок болгондуктан токтотулган.

– мажбурлап никеге туруу үчүн аялдарды ала качуу боюнча 254 факты катталып, анын 84%ти кылмыштын курамынын жоктугунан токтотулган.

– 10151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463-аялдарга жана 264-жашы жетпегендер

2022-жылдын алгачкы 5 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 3988 факты катталган. КР ИИМги жыл сайын үй-бүлөлүк чыр-чатактарга байланыштуу 8-10 миң телефон чалууну каттайт. Ай сайын үй-бүлөлүк зордук-зомбулука кабылган 40-50 аял Бишкек шаардык ооруканасына гана түшөт.

Өткөн 2021-жылы “Сезим” кризистик борбору тарабынан 340 юридикалык кызмат көрсөтүлүп, 427 адамга 519 консультация берилген. Буга чейин 10 оор жана өзгөчө оор гендердик кылмыштар боюнча укукту коргоо ишке ашырылган. Анын ичинен сексуалдык кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете элек 5 кызды укуктук жактан коргоо.

2021-жылы 10 иштин ичинен бир кылмыш иши жабырлануучунун пайдасына аяктаса, 2022-жылы 9 кылмыш иши боюнча иштер уланууда.
Кыргызстанда 2021-2030-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүүнүн жаңы Улуттук стратегиясы жана Улуттук иш-аракеттердин планы иштелип чыккан. Бул олуттуу документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Документ 5 негизги артыкчылыкты камтыйт.

1)Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

2)Функционалдык билим берүү системасын өнүктүрүү;

3)Басмырлоону жоюу жана сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү;

4)Чечимдерди кабыл алууда гендердик теңдикти камсыз кылуу жана аялдардын саясий турмушка катышуусун жогорулатуу;

5)Жөнгө салуу саясаты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.