Алдын алуу

Көздүн кан басымы

131

Глаукома (көз чечекейинин тунарышы) – көздүн ичиндеги кан басымдын жогорулашы менен мүнөздөлгөн жарым-жартылай же толугу менен көрбөй калууга алып келе турган көздүн оорусу.

Кыргызстанда глаукома айыккыс көрбөй калуу жана начар көрүүнүн негизги себептеринин ичинде биринчи орунду ээлейт жана расмий түрдө катталган оорулуулардын саны 8000ге жетет, бирок, иш жүзүндө глаукома менен ооругандардын саны бир канча эсе көп. Көпчүлүк оорулуулар окулистке кайрылышат. Глаукома кайсы гана куракта болбосун пайда болушу мүмкүн, бирок, көп учурда 40 жаштан жогорку курактагыларда кездешет.

Глаукоманын өрчүү коркунучун жогорулатуучу факторлор:

* 40 жаштан жогорку курак
* атеросклероз жана кан тамырлардын курактык оорулары
* тукум-куучулук жакындык
* сезгенүү оорулары же көздүн жаракат алуусу
* диабет

Глаукоманын белгилери:

♦ тунаруу жана көрүүнүн начарлашы
♦ көрүүталаасынын тарышы
♦ жарыктын булагын караганда пайда болгон кубулма тегерекчелер

Кээ бир учурда глаукоманын курч пристубу пайда болушу ыктымал, андайда көздүн көрүүсү капыстан начарлайт жана көздөн чыкыйга чейин кеткен катуу оору келип чыгат, жүрөк айланышы жана кускусу келиши мүмкүн.

Мындай учурда ошол замат медициналык жардам алуу үчүн кайрылуу керек!

Глаукома оорусунун баштапкы баскычтары өзү тууралуу эч кандай билдирбейт. Офтальмологго өз учурунда текшерилүү гана глаукоманы өз учурунда аныктоого жана тиешелүү дарылоо жүргүзүүгө жардам берет.

Жыл сайын офтальмологго көздүн ичиндеги кан басымды текшертип тургула. Нормада болгон учурда көздүн ичиндеги кан басым 20 мм.сым.мам. жогору болбошу керек.

Сиз көзүңүздүн ичиндеги кан басымыңыз кандай экенин билесизби?

Leave a Reply

Your email address will not be published.