COVIDге каршы эмдөө

“Активдештирилген полиомиелит вакцинасы” компаниясынын алкагындагы акция

134

28-мартта полиомиелитке каршы инактивдүү вакцинанын  алкагында АПВ акциясы башталды.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун иммунолог адистери социалдык кызматкерлер менен биргеликте, Бишкектеги жаңы конуштардын, үй бүлөлүк медицина борборлорунда чогулган ата-энелерге, шал оорусуна каршы инактивдүү вакцина тууралуу маалыматтык баарлашуу өткөрүштү.  

Баарлашуу учурунда адистер, шал оорусу тууралуу кенен түшүндүрмө беришти, андан сырткары  ата-энелер менен адистердин ортосунда, ооруга каршы эмдөөлөр тууралуу суроо-жооп, оюндар менен коштолду, аягында ата-энелерге футболкалар, сумкалар, карандаштар ж.б белектер ыйгарылды.

Маалымат катары:

Үстүбүздөгү жылдын башында 2016-2017-2018-жылдары төрөлгөн 251 миң 188 (93%) бала полиомиелитке каршы инактивдүү вакцина менен эмдөөдөн өткөн. Биздин маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4-5 жаштагы 19 миңден ашык бала инактивдүү полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөгөн бойдон калууда, алар эмдөөдөн өтпөсө олуттуу шал оорусуна чалдыгуусу мүмкүн.  Ошол себептен Иммунорофилактика борборунун адистери ата-энелерге наристе балдарын сөссүз түрдө эмдөөдөн өткөрүүсү керектигин белгилешет.

Эл аралык маанидеги калктын саламаттыгын сактоо тармагындагы татаалдыктын жана КРгы кезектеги эмдөө кампаниясынын, Бишкек шаарындагы жаңы конуштарындагы турак жайларда эмделбеген 9 миңден ашык балдар олуттуу ооруга чалдыгуу коркунучу бар. Бул иш чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги №367 «2-даражадагы өзгөчө кырдаалда курч кармаган шал оорусу/полиомиелит боюнча эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумун активдештирүү жөнүндө» буйругуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published.